Редакцияот 13.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 13-октябры ПЖ № 436

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчөлөрүн мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө" Жарлыгынын 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндүгүнө байланыштуу токтом кылам:

Төмөнкүлөр мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулсун:

- Бакашова Жылдыз Кемеловна - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

- Догоев Дастан Давлетович - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - санариптик өнүктүрүү министри;

- Чынбаева Асель Рыспековна - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

- Иманалиев Кайрат Олжобаевич - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров