Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 18-октябры ПЖ № 465
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I бөлүмүнүн "Саясий мамлекеттик кызмат орундары" деген 1-главасы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"1-глава. Саясий мамлекеттик кызмат орундары
Президент
Жогорку Кеңештин Төрагасы - Жогорку Кеңештин депутаты, Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси
Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары - Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин депутаты
Коопсуздук кеңешинин Төрагасынын орун басары
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Министрлер Кабинетинин мүчөсү
Мамлекеттик катчы
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл
Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси
Коопсуздук кеңешинин катчысы
Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальниги, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү
Президенттин Администрациясынын башкармалыгынын начальнигинин орун басары - бөлүм башчысы, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, Президенттин атайын өкүлү, Министрлер Кабинетинин атайын өкүлү, Президенттин басма сөз-катчысы, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын басма сөз-катчысы
Президенттин Администрациясынын бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Президентке караштуу комиссиянын жооптуу катчысы
Президенттин Администрациясынын секторунун башчысы, Президенттин Администрациясынын мамлекеттик инспектору, Президенттин Администрациясынын инспектору, Президенттин Администрациясынын эксперти
Президенттин карамагындагы мамлекеттик органдын жетекчиси, Министрлер Кабинетине караштуу административдик ведомствонун жетекчиси
Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким
Президенттин кеңешчиси
Президенттин жардамчысы".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |