Редакцияот 25.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2021-жылдын 25-октябры ПЖ № 479

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пунктунун сегизинчи абзацындагы "өзгөртүү", "2019-жылдын 9-мартындагы" деген сөздөр тиешелүү түрдө "өзгөртүүлөрдү", "2020-жылдын 9-мартындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасыньн Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 4-пунктундагы "экинчи абзацы" деген сөздөр "үчүнчү абзацы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы № 228 Жарлыгы күчүн жрготту деп табылсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров