Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 7-майы ПЖ № 134
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө
(КР Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы ПЖ № 472, 2021–жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 479 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктуна, 71-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын базасында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- (абзац КР Президентинин 2021-жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 479 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы ПЖ № 472, 2021 –жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 479 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыгуучу тийиштүү сунуштарды киргизсин жана зарыл чараларды көрсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 14 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 8-октябрындагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 8-октябрындагы № 195 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-октябрындагы № 209 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 4-декабрындагы № 243 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө" Жарлыгына 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 9-мартындагы № 50 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 6-февралындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 13-майындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 13-майындагы № 64 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 148 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-январындагы № 3 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 16-январындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-январындагы № 4 КПҮ "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту.
(КР Президентинин 2021 –жылдын 25-октябрындагы ПЖ № 479 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |