Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 18-ноябрындагы ПЖ N 525 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фондунун максаты (мындан ары - Фонд) өлкөнүн кадрдык потенциалын, балдардын жана жаштардын жеке санаттарын өнүктүрүүгө, интеллектуалдык жана кесипкөй башкаруу элитасын калыптандырууга өбөлгө болуучу гуманитардык илимдер жаатындагы илимий изилдөөлөрдү финансылык жана уюштуруучулук колдоо болуп эсептелет.
2. Фонддун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- таланттуу жана зээндүү балдарды жана жаштарды окутууда, анын ичинде чет өлкөдө окутууда финансылык, консультациялык жана юридикалык жактан колдоо көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасы үчүн кадрларды, анын ичинде чет өлкөдө даярдоого жана кайра даярдоого көмөк көрсөтүү;
- таланттуу балдарга жана жаштарга, ошондой эле жаш изилдөөчүлөрдүн топторуна алардын чыгармачылык эмгектерин жана демилгелерин илгерилетүүгө, анын ичинде эл аралык олимпиадаларга, конкурстарга жана сынактарга катышууга колдоо көрсөтүү;
- оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдарга жана жаштарга Фонддун максаттарын ишке ашыруунун алкагында даректүү колдоо көрсөтүү;
- таланттуу жаштарды аныктоого, алардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн жана таланттарын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү улуттук жана эл аралык илимий конференцияларды, конкурстарды, семинарларды, олимпиадаларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- социалдык маанилүү билим берүү долбоорлорун колдоо жана ишке ашыруу.
2. Фонддун каражаттары
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
- республикалык бюджеттин каражаттарынан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан.
4. Фонддун пайдасына келип түшкөн каражаттарды жана андан чыгымдарды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлөт.
5. Фонддун каражаттарынан каржылоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо маселелери боюнча комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.
6. Фонддун ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмү тарабынан ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо маселелери боюнча комиссия
7. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо маселелери боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Фонддун негизги милдеттерин ишке ашыруу жана Фонддун милдеттери жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында түзүлөт.
8. Комиссия белгиленген милдеттердин чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- Фонддун ишинин багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик органдардан, жарандык коомдун уюмдарынан өзүнүн иши үчүн зарыл болгон материалдарды мыйзамдарда белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
- билим берүү, илим, маданият жана жаштар жаатында долбоорлорду иштеп чыгуу, талдоо жүргүзүү жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топторду түзүүгө;
- адистерди даярдоонун жана билим берүүнү, илимди, маданиятты өнүктүрүүнүн жана жаштар саясатынын актуалдуу маселелерин талкуулоо максатында кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды уюштурууга;
- зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, окумуштууларды, адистерди, коомчулуктун өкүлдөрүн, ошондой эле оз ара макулдашуу боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк фонддорду биргелешкен иш үчүн тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык стипендияларды жана гранттарды изденип алууга талапкерлерди тандоону жүргүзүүгө.
9. Комиссия Комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары, жооптуу катчысы жана өз ишин коомдук башталышта жүргүзгөн Комиссиянын мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
Комиссиянын курамын Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
10. Комиссиянын жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комиссиянын жыйналыштары, эгерде аларга анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, ыйгарым укуктуу болот. Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү ага добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
11. Комиссиянын жыйналыштарынын натыйжалары протокол менен таризделет жана Фонддун иш-чараларын жүзөгө ашырууга катышкан мамлекеттик органдарга, жарандык коомдун уюмдарына маалымдалат.