Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 18-ноябры ПЖ № 525
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду болуп кайра түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо маселелери боюнча комиссия 2-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 29-августундагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгынын 1-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-декабрындагы № 57 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 14-декабрындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүү фонду жөнүндө" Жарлыгы.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо маселелери боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти, Комиссиянын жооптуу катчысы.