Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 169 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 24-ноябры ПЖ № 531
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 204 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комиссиянын курамы 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык мүнөздөмөлөрү 4-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык эскизи 5-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгүнүн сыпаттамасы 6-тиркемеге ылайык.
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 204 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 30-ноябрындагы № 145 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комиссиянын КУРАМЫ
Казаков Тугелбай Токтогулович | - | Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комиссиянын төрагасы; |
Нурушев Эсенбай | - | адабиятчы, публицист; |
Култаева Умут Баймуратовна | - | Үмүт Култаеванын автордук жогорку мектебинин директору; |
Конкобаев Кадырали | - | адабият таануучу, профессор; |
Актан Арым Кубат | - | кинорежиссер; |
Толомушова Гульбара Байышевна | - | Ч.Айтматов атындагы Кино үйүнүн адиси; |
Базаров Геннадий Садырович | - | кинорежиссер; |
Жороев Марат Токторбаевич | - | "Бишкекбашкыархитектура" мамлекеттик мекемесинин начальнигинин биринчи орун басары; |
Кариев Бейсен Сергеевич | - | Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин архитектуралык чөйрөнүн дизайны кафедрасынын доценти; |
Ажиев Садабек Ботобекович | - | Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясынын окутуучусу; |
Иннокентьева Нургуяна Николаевна | - | С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын сабактарды окутуучусу; |
Чаланов Ишенбек | - | С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайынын атайын сабактарды окутуучусу; |
Шарафидинов Маратбек | - | А.Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы сүрөтчүсү, сүрөтчү-коюучунун ассистенти; |
Каныметова Кулайым Кызайбаевна | - | Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти; |
Шаршенбаев Мелис | - | Кыргыз Республикасынын эл артисти; |
Молдалиева Людмила Джапаровна | - | театр сынчысы; |
Ибраев Анарбек Адылович | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин искусство факультетинин деканы; |
Чокиев Турдубек Асанович | - | Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы; |
Саламатов Тимур Сагынбаевич | - | доцент, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин профессору. |
3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин СЫПАТТАМАСЫ
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 204 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгиси эки бөлүктөн - бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилген калыптан жана диаметри 29 мм болгон асмадан турат.
Алтын менен капталган, улуттук желек формасындагы күмүштөн жасалган калып штамповка методу менен даярдалат, 27 мм х 17 мм өлчөмүндөгү калыптын алдыңкы бети кызыл түстөгү эмаль менен капталган.
Алтын менен капталган күмүштөн жасалган асма, борборунда Токтогулдун рельефтүү сүрөтү, анын алдында ардак жана даңктын символу болгон лавр бутагынын рельефтүү сүрөтү жайгашкан.
Асманын арткы бетинде төмөнкүдөй жазуу бар:
"Кыргыз Республикасы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты"
жана белгинин номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде төөнөгүч тибиндеги илгич бар.".
|
| 4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 204 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгиси (мындан ары - лауреаттын ардак белгиси).
Лауреаттын ардак белгиси алтын менен капталган күмүштөн жасалат.
Лауреаттын ардак белгисинин деталдарынын өлчөмдөрү, материалдары, массалары жана салмагы, алардын бардык четтөөлөрү төмөндө берилген таблицада көрсөтүлгөн.
Деталдын аталышы | Контролдук параметрлер | Номиналдык өлчөмдөр, мм | Чектүү четтөөлөр, мм | Материалдын аталышы | Массасы, г | Бардык четтөөлөр, г |
Негизи | Диаметри | 29,0 | ±0,3 | 925-пробадагы күмүш | 19,9 | ±0,5 |
Көзөнөгү менен бийиктиги | 33 | ±0,5 | ||||
Калыңдыгы | 3,0 | ±0,05 | ||||
Калып | Туурасы | 27,0 | ±0,5 | 925-пробадагы күмүш | 10,2 | ±0,2 |
Бийиктиги | 17,0 | ±0,3 | ||||
Негиздин жана калыптын каптоосу | Алтын капталган катмардын калыңдыгы, мкм | 5,0 | ±0,5 | 999-пробадагы алтын | 0,5 | ±0,05 |
Бириктирүүчү шакекче | Звенонун диаметри | 6,5 | ±0,5 | Латунь зымы | 0,15 | ±0,02 |
Зымдын диаметри | 1,1 | ±0,05 | ||||
Төөнөгүч тибиндеги бекиткич | болот | 0,3 | ±0,02 | |||
Калыптын декоративдик жасалгасы | эмаль, лак | |||||
Лауреаттын ардак белгисинин орточо салмагы | 31 | ±0,5 | ||||
|
| 5-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык эскизи
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 204 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
|
| 6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгүнүн сыпаттамасы
(КР Президентинин 2022-жылдын 23-июнундагы ПЖ № 204 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгү кочкул кызыл-күрөң түстөгү булгаары менен капталган, чечилген фаскалары жана 145 мм х 105 миллиметр өлчөмүндөгү контуру боюнча болот каркас менен пресстелген эки кат картондон жасалат.
2. Күбөлүктүн бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, анын алдында алтын түстөгү "КҮБӨЛҮК" деген жазуу жана улуттук оймо бар.".