Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 169 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 23-июну ПЖ № 204
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 531 "Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү-жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин сыпаттамасы 3-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык мүнөздөмөлөрү 4- тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин техникалык эскизи 5- тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгүнүн сыпаттамасы 6- тиркемеге ылайык.";
- ушул Жарлыктын 1-4-тиркемелерине ылайык редакциядагы 3-6-тиркемелер менен толукталсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "3- тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин СЫПАТТАМАСЫ
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгиси эки бөлүктөн - бири-бири менен көзөнөктүн жана шакекченин жардамы менен бириктирилген калыптан жана диаметри 29 мм болгон асмадан турат.
Алтын менен капталган, улуттук желек формасындагы күмүштөн жасалган калып штамповка методу менен даярдалат, 27 мм х 17 мм өлчөмүндөгү калыптын алдыңкы бети кызыл түстөгү эмаль менен капталган.
Алтын менен капталган күмүштөн жасалган асма, борборунда Токтогулдун рельефтүү сүрөтү, анын алдында ардак жана даңктын символу болгон лавр бутагынын рельефтүү сүрөтү жайгашкан.
Асманын арткы бетинде төмөнкүдөй жазуу бар:
"Кыргыз Республикасы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты"
жана белгинин номери чегип жазылган, ал эми калыптын арткы бетинде төөнөгүч тибиндеги илгич бар.".
|
|
|
|
| "4- тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгиси (мындан ары - лауреаттын ардак белгиси).
Лауреаттын ардак белгиси алтын менен капталган күмүштөн жасалат.
Лауреаттын ардак белгисинин деталдарынын өлчөмдөрү, материалдары, массалары жана салмагы, алардын бардык четтөөлөрү төмөндө берилген таблицада көрсөтүлгөн.
Деталдын аталышы | Контролдук параметрлер | Номиналдык өлчөмдөр, мм | Чектүү четтөөлөр, мм | Материалдын аталышы | Массасы, г | Бардык четтөөлөр, г |
Негизи | Диаметри | 29,0 | ±0,3 | 925-пробадагы күмүш | 19,9 | ±0,5 |
Көзөнөгү менен бийиктиги | 33 | ±0,5 | ||||
Калыңдыгы | 3,0 | ±0,05 | ||||
Калып | Туурасы | 27,0 | ±0,5 | 925-пробадагы күмүш | 10,2 | ±0,2 |
Бийиктиги | 17,0 | ±0,3 | ||||
Негиздин жана калыптын каптоосу | Алтын капталган катмардын калыңдыгы, мкм | 5,0 | ±0,5 | 999-пробадагы алтын | 0,5 | ±0,05 |
Бириктирүүчү шакекче | Звенонун диаметри | 6,5 | ±0,5 | Латунь зымы | 0,15 | ±0,02 |
Зымдын диаметри | 1,1 | ±0,05 | ||||
Төөнөгүч тибиндеги бекиткич | болот | 0,3 | ±0,02 | |||
Калыптын декоративдик жасалгасы | эмаль, лак | |||||
Лауреаттын ардак белгисинин орточо салмагы | 31 | ±0,5 | ||||
".
|
| 3-тиркеме |
|
| "5- тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин ТЕХНИКАЛЫК ЭСКИЗИ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
|
| 4-тиркеме |
|
| "6- тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгүнүн СЫПАТТАМАСЫ
1. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгү кочкул кызыл-күрөң түстөгү булгаары менен капталган, чечилген фаскалары жана 145 мм х 105 миллиметр өлчөмүндөгү контуру боюнча болот каркас менен пресстелген эки кат картондон жасалат.
2. Күбөлүктүн бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, анын алдында алтын түстөгү "КҮБӨЛҮК" деген жазуу жана улуттук оймо бар.".
".
|
| 3-тиркеме |
|
| "5- тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин ТЕХНИКАЛЫК ЭСКИЗИ
Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
|
| 4-тиркеме |
|
| "6-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгүнүн СЫПАТТАМАСЫ
1. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардак белгисинин күбөлүгү кочкул кызыл-күрөң түстөгү булгаары менен капталган, чечилген фаскалары жана 145 мм х 105 миллиметр өлчөмүндөгү контуру боюнча болот каркас менен пресстелген эки кат картондон жасалат.
2. Күбөлүктүн бетинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби, анын алдында алтын түстөгү "КҮБӨЛҮК" деген жазуу жана улуттук оймо бар.".