Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 169 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 531 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы (мындан ары - Мамлекеттик сыйлык) Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын байыткан, эстетикалык жана тарбиялык чоң таасири бар жана кеңири коомдук таанууга ээ болгон адабият жана искусство (поэзия, проза, драматургия, музыка, кино, архитектура жана скульптура, театр жана көркөм сүрөт искусствосу, радио жана телечыгармалар) жаатындагы көрүнүктүү чыгармалары үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына берилет.
2. Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана чыгармачылык бирликтери Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга чыгармачылык эмгектерди көрсөтүүгө укуктуу.
3. Бул Жободо чыгармачылык бирликтер деп маданият жана искусство кызматкерлерин бириктирген коомдук уюм түрүндө түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында тиешелүү каттоодон өткөн юридикалык жак түшүнүлөт.
4. Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө өзүнчө китеп түрүндө бүткөрүлгөн көркөм адабий чыгармалар же басма сөзгө жарыяланган чыгармалардын цикли, ал эми көркөм сүрөт искусствосунун, музыканын, театр искусствосунун, кино искусствосунун чыгармалары - коомчулук алар менен кеңири таанышкандан кийин кабыл алынат.
5. Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармачылык эмгектер (спектаклдер, музыка, көркөм сүрөт искусствосунун чыгармалары, скульптуралык курулмалар) Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан оригиналдуу демонстрациялоодо гана каралат, мында алардын видео же аудио жазуулары оригинал болуп эсептелбейт.
6. Кино, радио жана телечыгармалар жаатындагы чыгармачылык эмгекти көрсөтүүдө талапкерлер электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү тиешелүү сапаттагы материалдардын жазууларын беришет.
7. Мамлекеттик сыйлыкка чыгармачылык эмгектин жаратуучулары болуп саналган талапкерлер гана (автор же авторлор жамааты) көрсөтүлөт.
8. Мамлекеттик сыйлыктын акчалай өлчөмү 1000000 (бир миллион) сомду түзөт.
9. Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган адамдарга Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты наамы берилет, акчалай сыйлык, күбөлүк жана ардак төш белги тапшырылат. Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреатынын ардактуу төш белгиси (мындан ары - лауреаттын ардактуу төш белгиси) төштүн оң жагына тагылат жана лауреатта тиешелүү категориядагы мамлекеттик сыйлыктардын катарына кирген ардактуу наамы бар болсо, анда ал төш белгиден кийин тагылат.
10. Лауреаттын ардактуу төш белгисинин сүрөттөлүшү жана үлгүлөрү, Мамлекеттик сыйлыкка документтер Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
11. Мамлекеттик сыйлык Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан үч жылда бир жолу ыйгарылат, ал салтанаттуу түрдө тапшырылат.
12. Мамлекеттик сыйлыктын лауреатынын дипломун, күбөлүгүн, ардактуу төш белгисин даярдоо менен байланышкан ишти, ошондой эле Комиссиянын мүчөлөрүн, Комиссиянын ишине тартылган эксперттердин жана адистердин ишин финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жүзөгө ашырат.
2. Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комиссия
13. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү орган болуп саналат жана Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармачылык эмгектерди кароо жана тандоо максатында түзүлөт. Комиссиянын курамына адабият жана искусство ишмерлери кирет.
14. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
15. Комиссиянын курамы төраганы кошо алганда 19 мүчөдөн турат, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт.
16. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, Комиссиянын жыйналыштарын өткөрүү күнүн жана убактысын белгилейт, жыйналыштарды алып барат.
17. Комиссиянын курамын түзүүдө гендердик теңчилик маселелери эске алынышы керек.
3. Комиссиянын ыйгарым укуктары
18. Комиссияга төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
- талапкерлердин эмгегин тариздөөгө жалпы талаптарды иштеп чыгат;
- талапкерлерден келип түшкөн эмгектерди кароо үчүн секцияларды жана эксперттик комиссияларды түзөт;
- талапкерлердин эмгектерин рецензиялоо үчүн айрым түрлөр жана жанрлар боюнча эксперттерди жана адистерди тартат;
- Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин чыгармачылык эмгектери менен таанышуу үчүн Комиссиянын мүчөлөрүн жиберет;
- эмгек боюнча келип түшкөн сын пикирлерге талдоо жүргүзөт;
- эмгектерди акыркы тандоодон өткөрөт жана кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизүү менен Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө чечимди кабыл алат.
19. Секциялардын, эксперттик комиссиялардын, эксперттердин жана адистердин корутундусу акыркы болуп саналбайт. Алардын корутундусу талаштуу мүнөздө болгон учурда акыркы чечимди Комиссия кабыл алат.
20. Комиссиянын чечимдери боюнча даттануулар, арыздар, кайрылуулар жана суроо-талаптар Комиссиянын Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча жыйынтыктоочу жыйналышында кабыл алынган чечимдерин кошпогондо, анын иштөө мезгилинде каралат.
21. Комиссиянын жумушчу органы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиясынын катчылыгы (мындан ары - жумушчу орган) эсептелет.
4. Комиссиянын ишин уюштуруу
22. Комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен уюштурат.
23. Комиссиянын жыйналыштары анын 15тен кем эмес мүчөсү катышкан учурда укуктуу болуп саналат. Комиссиянын чечими катышкандардын көпчүлүк добушу, бирок Комиссиянын мүчөлөрүнүн 10дөн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
24. Комиссиянын жыйналыштары Комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилген иш планга ылайык өткөрүлөт. Пландан тышкары жыйналыштар Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
25. Комиссиянын чыгымдары жана Мамлекеттик сыйлыктын төлөмдөрү республикалык бюджеттен каржыланат.
26. Комиссиянын мүчөлөрү талапкерлердин эмгегин кароо, талкуулоо жана тандоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган акчалай сый акы алышат.
27. Комиссиянын ишине тартылган эксперттерге жана адистерге иштин көлөмүнө жана татаалдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталган акчалай сый акы төлөнүшү мүмкүн.
28. Мамлекеттик сыйлыкка талапкерлердин сунуштоолорун жана аларга тиркелген материалдарды кабыл алуу, кароо жана экспертиза жүргүзүү менен байланышкан Комиссиянын ишин уюштуруучулук, маалыматтык, документтик жана укуктук жактан камсыздоону Комиссиянын жумушчу органы жүзөгө ашырат.
5. Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлерди кароонун тартиби
29. Мамлекеттик сыйлыкка чыгармачылык эмгектерди көрсөтүүнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Президенти менен макулдашуу боюнча жумушчу орган тарабынан аныкталат.
30. Мамлекеттик сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүгө укугу бар субъекттер экиден ашпаган чыгармачылык эмгектерди көрсөтө алышат.
31. Соттуулугу жоюлбаган талапкерлерди Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга сунуштоого жол берилбейт.
32. Мамлекеттик сыйлыкка талапкерлерди көрсөтүүгө укугу бар субъект Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына төмөнкү документтерди тапшырат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин атына сунуштаманы (авторлор жамааты көрсөтүлгөн учурда сунуштамада чыгармачылык эмгекти жаратууга талапкерлердин ар биринин катышуусу жөнүндө маалыматтар чагылдырылат);
- талапкердин белгиленген үлгү боюнча толтурулган анкетасын;
- чыгармачылык эмгектин аннотациясын;
- паспорттун көчүрмөсүн;
- билими жөнүндө дипломдорунун, илимий даражасынын, эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;
- чыгармачылык бирликтин башкармасынын талапкерди көрсөтүү жөнүндө протоколунан мөөр менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
- талапкерди көрсөтүүнүн жыйынтыгы жөнүндө эсептөө комиссиясынын мөөр менен күбөлөндүрүлгөн протоколун;
- жарыяланган адабий чыгармалардын же көргөзмөгө коюлган эмгектердин тизмесин.
33. Эгерде чыгармачылык эмгек сыйлыкка талапкердин көзү тирүү кезинде көрсөтүлгөн болсо, Мамлекеттик сыйлык каза болгондон кийин берилиши мүмкүн.
34. Эгерде Мамлекеттик сыйлык каза болгондон кийин берилсе, акчалай сыйлык, лауреаттын ардактуу төш белгиси жана Мамлекеттик сыйлыкка документтер анын жакын туугандарына же мураскорлоруна өткөрүлүп берилет.
35. Эгерде Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты каза болуп, анын мураскорлору жок болсо, анда акчалай сыйлык мамлекетке кайтарылууга тийиш, ал эми лауреаттын ардактуу төш белгиси жана Мамлекеттик сыйлыкка документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар фондунда сакталат.
36. Курамы беш адамдан ашпаган авторлор жамаатына Мамлекеттик сыйлык берилген учурда, сыйлыктын акчалай бөлүгү алардын ортосунда тең бөлүштүрүлөт.
37. Эгерде чыгармачылык эмгек акыркы беш жылда, бирок кезектеги Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга чейин бир жылдан кеч эмес жарыяланган, эл алдына чыгарылган, аткарылган болсо, анда Комиссия кароого кабыл алат.
38. Мамлекеттик сыйлыкка талапкерлердин чыгармачылык эмгектери келип түшүүсүнө жараша талапкерлердин сунуштоолору жана аларга тиркелген материалдар Комиссиянын кароосуна киргизилет.
39. Чыгармачылык эмгекти Комиссиянын жыйынтыктоочу жыйналышында бюллетенге киргизүү үчүн кароого сунуштоо жөнүндө Комиссиянын чечими Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен Комиссиянын жыйынтыктоочу жыйналышы өткөрүлгөнгө чейин беш жумуш күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат.
40. Комиссиянын мүчөлөрү Мамлекеттик сыйлыкка талапкер катары көрсөтүлүүгө укуксуз.
41. Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө төмөнкүлөр кабыл алынбайт:
- талапкер мурда ал үчүн мамлекеттик сыйлык менен сыйланган же ага Кыргыз Республикасынын ардактуу наамы ыйгарылган чыгармачылык эмгек;
- мурда Комиссия тарабынан колдоого алынбаган чыгармачылык эмгек;
- чыгармалардын жыйнагы;
- тиражы көрсөтүлбөгөн же жалпы тиражы 1000ден (бир миң) аз нускада басып чыгарылган, окууга кыйын майда шрифт жана саптардын ортосундагы аралык тыгыз басылган адабий чыгарма;
- изилдөө жана маалыматтык мүнөздөгү эмгек;
- бир жолку концерттик-аткаруучулук программалар, театрлаштырылган оюн-зооктор жана юбилейлик даталарга байланыштуу бир жолку коюулар.
42. Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө маселе Комиссиянын жыйынтыктоочу жыйналышында талкууланат.
43. Мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу жөнүндө Комиссиянын жыйынтыктоочу жыйналышында Комиссиянын төрагасы Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлерге сунуштамаларды алдын ала кароонун жыйынтыгы жөнүндө баяндама жасайт.
44. Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө Комиссиянын чечими жашыруун добуш берүү жолу менен кабыл алынат.
45. Эгерде Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер (республиканын чегинен сырткары болуу) же ден соолугунун абалы боюнча Комиссиянын жыйынтыктоочу жыйналышына катыша албаса, анда ал көрсөтүлгөн талапкер үчүн жыйынтыктоочу жыйналыш өткөрүлгөнгө чейин беш жумуш күн калганда добуш берүүгө укуктуу.
46. Комиссиянын жалпы курамынын 13 жана андан ашык добушун алган талапкер Мамлекеттик сыйлык алууга сунушталат. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкерлердин бири дагы добуштардын зарыл болгон санын албаса, анда Мамлекеттик сыйлык берилбейт жана Мамлекеттик сыйлыкка жаңы көрсөтүү кийинки жылдын ичинде жарыяланат.
47. Эгерде Комиссиянын жыйынтыктоочу жыйналышында Комиссиянын бүткүл курамынын 15тен аз мүчөсү катышса, анда Комиссиянын чечими боюнча жыйналыш башка күнгө которулат.
48. Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага Комиссиянын төрагасы жана жыйынтыктоочу жыйналышта добуш берген бардык мүчөлөрү кол коюшат жана Кыргыз Республикасынын Президентине киргизилет.
49. Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы түрүндө таризделет, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтында жана "Эркин Тоо" гезитинде жарыяланат.
6. Жумушчу органдын милдеттери жана функциялары
50. Жумушчу органга Комиссиянын ишин камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй милдеттер жана функциялар жүктөлгөн:
- Мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин керектүү документтерин жана материалдарын кабыл алуу;
- талапкерлердин келип түшкөн эмгектеринин тизмесин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана алар боюнча коомдук талкууну уюштурууга көмөктөшүү;
- Комиссиянын иш кагаздарынын бардык түрлөрүн, анын ичинде Мамлекеттик сыйлыкка тапшыруу субъекттеринен документтерди кабыл алуу жана каттоо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун даярдоо;
- лауреаттардын күбөлүктөрүн тариздөө жана ардактуу төш белгилерин даярдоо;
- лауреаттарга акчалай сый акыларды берүү;
- Мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу боюнча иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү.
7. Жумушчу органдын ыйгарым укуктары
51. Жумушчу орган ага жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- жумушчу органга жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдарды жана маалыматтарды мамлекеттик органдардан, мекемелерден, уюмдардан суратууга жана алууга,
- Мамлекеттик сыйлыкка талапкерлер тарабынан белгиленген эрежелерди бузуу менен таризделген документтерди же материалдарды жеткире иштеп чыгуу үчүн аны сунуштаган субъекттерге кайтарып берүүгө,
- жумушчу органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча кат алышууга;
- жумушчу органга жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.