Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 3-декабры ПЖ № 544
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамында:
курамдан Айтен Рустамова, Габриэла Геллил, Оливье Бангертер, Фред Хьюстон чыгарылсын;
Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; Догоев Дастан Давлетович – Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри; Бекмурзаев Доскул Джумагулович – Кыргыз Республикасынын энергетика министри; Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри; Новиков Артем Эдуардович – Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы; Акматов Нурлан Орозбаевич – Евразия өнүктүрүү банкынын директору киргизилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |