ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы ПЖ № 544 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгы

Редакция03.12.2021 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2021-жылдын 3-декабры ПЖ № 544

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамында:

курамдан Айтен Рустамова, Габриэла Геллил, Оливье Бангертер, Фред Хьюстон чыгарылсын;

Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы; Догоев Дастан Давлетович – Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри; Бекмурзаев Доскул Джумагулович – Кыргыз Республикасынын энергетика министри; Джаныбеков Аскарбек Сапарбекович – Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри; Новиков Артем Эдуардович – Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы; Акматов Нурлан Орозбаевич – Евразия өнүктүрүү банкынын директору киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

.

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

С.Н. Жапаров