Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 8-декабры ПЖ № 551
Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин, Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясынын) Уставынын 2-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынан Венеция комиссиясындагы мүчөсү болуп Кыргыз Республикасынын юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович;
- Кыргыз Республикасынан Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги Укушов Мурат Каниметович.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 27-июнундагы № 143 "Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |