Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 551 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 27-июну ПЖ № 143
Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө
Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы (Венеция комиссиясы) Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнүн жогоруда аталган комиссиянын Уставынын 2-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60, 64, 65-беренелерин жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
- Кыргыз Республикасынан Венеция комиссиясындагы мүчөлүгүнө - Керезбеков Канат Керезбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
- Кыргыз Республикасынан Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басарлыгына - Мамыров Эркинбек Тобокелович, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 19-июлундагы № 139 "Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 45 "Кыргыз Республикасынын Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басары жөнүндө" Жарлыгы.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлык 2018-жылдын 22-июлунан тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С.Жээнбеков |