Кыргыз Республикасынын Президентинин от 01 декабрындагы 2021 года УП № 535 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2021-жылдын 01-декабры ПЖ № 535
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 3-пунктуна, 95-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. 2021-жылдын 2-декабрынан тартып курагынын чегине жеткенге чейин төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
- Абдимиталипов Эльярбек Бахадирович;
- Адимов Акылбек Акматович;
- Ажиматов Улан Абдыкаарович;
- Бекбаева Нурия Хусаиновна;
- Гуламидин уулу Элчибек;
- Суйналиев Дамир Суйунтаевич;
- Тажибаев Илязбек Курванбекович;
- Турдалиев Ниязбек Назарович;
- Эрматова Гулзат Муктаровна.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |