Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 7-январы ПЖ № 1
Кыргыз Республикасынын аскердик контингентин Казакстан Республикасынын аймагына тынчтыкты сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүү жөнүндө
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2022-жылдын 6-январындагы чечимин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 7-январындагы № 8-VII КПҮ "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Казакстан Республикасынын аймагында пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө" токтомун көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 70-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын аскердик контингенти Казакстан Республикасынын аймагына кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу максатында убактысы чектелген мезгилге тынчтык сактоо ишине катышуу үчүн жөнөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги контракт боюнча кызмат өтөп жаткан аскер кызматчыларынын ичинен ыктыярдуу негизде Кыргыз Республикасынын аскердик контингентинин санын жана курамын аныктасын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |