Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 31-декабры ПЖ № 588
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
– I бөлүмүнүн «Саясий мамлекеттик кызмат орундары» деген 1-главасында:
он биринчи абзацы «Президенттин басма сөз-катчысы» деген сөздөрдөн кийин «, Жогорку Кеңештин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары, Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүм башчысы» деген сөздөр менен толукталсын;
он экинчи абзацы «Министрлер Кабинетинин атайын өкүлүнүн орун басары» деген сөздөрдөн кийин «, Жогорку Кеңештин Аппаратынын бөлүм башчысынын орун басары» деген сөздөр менен толукталсын;
он үчүнчү абзацы «Президенттин Администрациясынын спичрайтери» деген сөздөрдөн кийин «, Жогорку Кеңештин Аппаратынын сектор башчысы, Жогорку Кеңештин Аппаратынын эксперти, Жогорку Кеңештин Аппаратынын улук консультанты, Жогорку Кеңештин Аппаратынын консультанты» деген сөздөр менен толукталсын;
– II бөлүмүнүн «Административдик мамлекеттик кызмат орундары» деген 4-главасынын 4.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4.1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты (өзгөчө тартипте дайындалуучу кызмат орундары)
Категориялар | Президенттин Администрациясы | Жогорку Кеңештин Аппараты |
Жогорку кызмат орду | ||
Ж-Б |
| Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз-катчысы Депутаттык фракциянын катчылыгынын башчысы Депутаттык фракциянын катчылыгынын сектор башчысы |
Башкы кызмат орду | ||
Б-А |
| Депутаттык фракциянын катчылыгынын эксперти Депутаттык фракциянын катчылыгынын улук консультанты |
Б-Б |
| Депутаттык фракциянын катчылыгынын консультанты Башкы адис |
Улук кызмат орду | ||
У-А | Улук референт |
|
У-Б | Референт |
|
».
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |