Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 280
Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме 3 |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-январындагы ПЖ № 12 Жарлыгына) |
Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдарын (мындан ары – окумуштуулук наамдар) ыйгаруунун тартибин, анын ичинде окумуштуулук наамдарды ыйгаруунун критерийлерин, окумуштуулук наамдарды ыйгарууга талапкер адамдарга карата коюлуучу талаптарды, окумуштуулук наамдарды ыйгарууга келип түшкөн аттестациялык делолорду кароонун тартибин, ошондой эле окумуштуулук наамдардан ажыратуу жана калыбына келтирүү негизин жана тартибин аныктайт.
2. Окумуштуулук наамдар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия (мындан ары – Комиссия) тарабынан белгиленген тартипте аккредитациядан (аттестациядан) өткөн жогорку окуу жайларынын жана илимий мекемелердин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларынын адистиктеринин номенклатурасына ылайык илимий адистиктер боюнча ыйгарылат.
3. Профессордун жана доценттин окумуштуулук наамдары Комиссия тарабынан педагогикалык чеберчиликке ээ болгон, терең кесиптик билими жана илимий жетишкендиктери бар, жогорку окуу жайларында же квалификацияны жогорулатуу институттарында педагогикалык иш жүргүзгөн илимий-педагогикалык кызматкерлерге ушул мекемелердин окумуштуулар кеңештери берген өтүнүч каттардын жана документтердин негизинде ыйгарылат.
4. Профессордун жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдары Комиссия тарабынан илимий мекемелердин, жогорку окуу жайларынын же квалификацияны жогорулатуу институттарынын илимий бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине ушул мекемелердин окумуштуулар кеңештери берген өтүнүч каттардын жана документтердин негизинде ыйгарылат.
5. Профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдары жогорку окуу жайларында же квалификацияны жогорулатуу институттарында, илимий уюмдарда жумушун айкалыштырып иштеген адамдарга, алар ушул Жобонун талаптарына шайкеш келген учурда ыйгарылышы мүмкүн.
6. Профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдары илимдин доктору же кандидаты окумуштуулук даражасы же чет мамлекеттен алган, Кыргыз Республикасында таанылган, ээсине бирдей академиялык жана (же) кесиптик укуктар берилген окумуштуулук даражасы бар адамдарга ыйгарылат.
Профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин улуттук аттестаттары Комиссиянын президиумунун чечиминин негизинде берилет жана Комиссиянын төрагасынын колу коюлат.
Профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин улуттук аттестаттарынын, окумуштуулук наамдардын эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктөрдүн формалары, аларга карата техникалык талаптар, тариздөө жана берүү тартиби Комиссия тарабынан бекитилет.
2. Профессордун окумуштуулук наамын ыйгаруу
7. Профессор – илимдин же искусствонун белгилүү бир тармагында адис деп эсептелген жогорку окуу жайынын окутуучусунун же илимий-изилдөө институтунун илимий кызматкеринин окумуштуулук наамы, ал ушул Жободогу талаптарды сактоо шартында ыйгарылат.
8. Профессордун окумуштуулук наамы жогорку окуу жайында профессордун, кафедра башчысынын, факультеттин деканынын, филиалдын, институттун жетекчисинин, жогорку окуу жайынын же квалификацияны жогорулатуу институтунун проректорунун, ректорунун кызмат ордунда иштеген илимдин докторлоруна, эгер алардын окумуштуулук наамды изденип алуу үчүн даярдалган аттестациялык делосунда көрсөтүлгөн илимий адистик боюнча жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, лекциялардын курсун жогорку кесиптик деңгээлде окушса, ошондой эле аттестациялык документтерин берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
а) диссертациясын коргогондон кийин наамга сунушталган жери боюнча аталган кызмат орундарында үч окуу жылынан кем эмес мезгил ийгиликтүү иштесе;
б) жогорку окуу жайларында же квалификацияны жогорулатуу институттарында он жылдан кем эмес илимий-педагогикалык иш стажы болсо;
в) импакт-фактору 0,2ден кем эмес РИНЦ системасы аркылуу индекстелүүчү, илимий мезгилдүү басылмаларда үчтөн кем эмес макаласынын болушу милдеттүү болгон “кыргыз тили”, “кыргыз адабияты” адистиктери боюнча изденүүчүлөрдөн тышкары, үчтөн кем эмес окуу-методикалык жана/же окуу эмгектери, “Scopus” же “Web of Science” системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда жарыяланган 1ден кем эмес макаласы, ошондой эле импакт-фактору нөлгө барабар болгон илимий мезгилдүү басылмаларда макалалары болсо, мында кошумча критерийлери менен жалпы баллдын саны 250дөн кем болбошу керек.
Эмгектери докторлук диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек;
г) доценттин же улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамы болсо;
д) илимий жетекчи катары окумуштуулук даражалар берилген экиден кем эмес окуучу даярдаса.
9. Профессордун окумуштуулук наамы профессордун, кафедра башчысынын, факультеттин деканынын, филиалдын же институттун жетекчисинин, жогорку окуу жайынын же квалификацияны жогорулатуу мекемесинин проректорунун, ректорунун кызмат ордунда иштеген илимдин кандидаттарына, эгер алардын окумуштуулук наамды изденип алуу үчүн даярдалган аттестациялык делосунда көрсөтүлгөн илимий адистик боюнча жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, лекциялардын курсун жогорку кесиптик деңгээлде окушса, ошондой эле аттестациялык документтерин берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
а) көрсөтүлгөн кызмат ордунда үч окуу жылынан кем эмес ийгиликтүү иштесе;
б) он беш жылдан кем эмес илимий-педагогикалык иш стажы болуп, анын ондон кем эмеси жогорку окуу жайларында педагогикалык иште өткөн болсо;
в) доценттин же улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамы бар болсо;
г) үчтөн кем эмес окуу-методикалык жана/же окуу эмгектери, “Scopus” же “Web of Science” системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда жарыяланган үчтөн кем эмес макаласы, ошондой эле импакт-фактору нөлгө барабар болгон илимий мезгилдүү басылмаларда макалалары болсо, мында кошумча критерийлери менен жалпы баллдын саны 350дөн кем болбошу керек.
Эмгектери кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек;
д) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сунушталган жогорку окуу жайлары, квалификацияны жогорулатуу институттары үчүн 10 басма барактан кем эмес көлөмдөгү 500 нускадан кем эмес жалпы тираждагы, педагогикалык иште колдонулуучу окуу китептеринин автору (авторлошу) болсо;
е) илимий жетекчи катары илимдин кандидаты окумуштуулук даражасы берилген экиден кем эмес окуучуларды даярдаса.
10. Профессордун окумуштуулук наамы жогорку окуу жайларында профессордун, кафедра башчысынын, декандын, проректордун, ректордун, филиалдын жетекчисинин кызмат ордунда иштеген искусство кызматкерлерине, эгер алар лекциялардын курсун окушса же жогорку кесиптик деңгээлде сабак беришсе, ошондой эле аттестациялык документтерин берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
а) көрсөтүлгөн кызмат орундарында үч окуу жылынан кем эмес ийгиликтүү иштесе;
б) жогорку окуу жайларындагы чыгармачыл-педагогикалык иш стажы 10 жылдан кем болбосо;
в) тиешелүү жогорку билими болсо;
г) профессордук окумуштуулук наамга көрсөтүлгөнгө чейин беш жыл мурун алган доценттик окумуштуулук наамы болсо;
д) Кыргыз Республикасынын, мурунку СССРдин же болбосо мурунку союздук республикалардын (эл артистинин, эл сүрөтчүсүнүн, эл архитекторунун, искусствого эмгек сиңирген ишмеринин, эмгек сиңирген артистинин, эмгек сиңирген сүрөтчүсүнүн, эмгек сиңирген архитекторунун) ардак наамдары болсо;
е) эл аралык көргөзмөлөрдүн, конкурстардын, фестивалдардын, кароолордун, сыйлыктардын лауреаттары (дипломанттары) болгон экиден кем эмес окуучуларды даярдаса;
ж) 10дон кем эмес илимий, окуу-методикалык же чыгармачыл иштердин автору (авторлошу) болсо.
11. Профессордун окумуштуулук наамы жогорку окуу жайларында профессордун, кафедра башчысынын, декандын, проректордун, ректордун, филиалдын жетекчисинин, окуу жайына караштуу спорттук мектептин жетекчисинин кызмат ордунда иштеген дене тарбия жана спорт кызматкерлерине, эгер алардын жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, лекциялардын курсун окушса, жогорку кесиптик деңгээлде сабактарды беришсе, ошондой эле аттестациялык документтерди берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
а) көрсөтүлгөн кызмат ордунда үч окуу жылынан кем эмес ийгиликтүү иштесе;
б) жогорку окуу жайларында он беш жылдан кем эмес илимий-педагогикалык иш стажы, анын ичинде жогорку окуу жайларында же квалификацияны жогорулатуу институттарында он жылдан кем эмес педагогикалык иште өткөн болсо;
в) тиешелүү жогорку билими болсо;
г) профессордук окумуштуулук наамга көрсөтүлгөнгө чейин беш жыл мурун алган доценттик окумуштуулук наамы болсо;
д) спорт жаатында жана машыктыруучулук иште олуттуу жеке жетишкендиктери болсо, Кыргыз Республикасынын, мурунку СССРдин же мурунку союздук республикалардын “Эмгек сиңирген машыктыруучу”, “Эмгек сиңирген спорт чебери” спорттук наамдарына же “Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамына ээ болсо;
е) 15тен кем эмес жарыяланган илимий, окуу-методикалык иштердин, анын ичинде акыркы үч жылда жарык көргөн 3төн кем эмес окуу-методикалык иштердин автору (авторлошу) болсо;
ж) Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан билим берүү чөйрөсүндө пайдаланууга сунуш кылынган жогорку окуу жайлары жана орто кесиптик окуу жайлары, квалификацияны жогорулатуу мекемелери, жалпы билим берүүчү мекемелер, баштапкы жана орто кесиптик билим берүү мекемелери үчүн акыркы 10 жыл ичинде жарыяланган окуу китептеринин (окуу куралдарынын) автору болсо же Олимпиадалык оюндардын, Дүйнөлүк чемпионаттардын, Континенттин, Бүткүл дүйнөлүк универсиаданын жана башка эл аралык мелдештердин экиден кем эмес чемпиондорун же байге ээлерин даярдаса.
12. Профессордун окумуштуулук наамы илимий-изилдөө бөлүмүнүн (бөлүнүшүнүн, секторунун, лабораториясынын) башчысынын (начальнигинин), илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайларынын же квалификацияны жогорулатуу институттарынын илимий бөлүмдөрүнүн башкы илимий кызматкеринин, илимий уюмдарда окумуштуу катчынын, директордун орун басарынын, директордун кызмат ордунда иштеген илимдин докторлоруна, эгер алар аттестациялык документтерди берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
а) көрсөтүлгөн кызмат ордунда 3 жылдан кем эмес ийгиликтүү иштесе;
б) он жылдан кем эмес илимий иш стажы болсо;
в) импакт-фактору 0,2ден кем эмес РИНЦ системасы аркылуу индекстелүүчү, илимий мезгилдүү басылмаларда 3төн кем эмес макаласынын болушу милдеттүү болгон “кыргыз тили”, “кыргыз адабияты” адистиктери боюнча изденүүчүлөрдөн тышкары, монографиясы, “Scopus” же “Web of Science” системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда жарыяланган 2ден кем эмес макаласы, ошондой эле окумуштуулук наамды изденип алуу үчүн даярдалган аттестациялык делосунда көрсөтүлгөн илимий адистик боюнча импакт-фактору нөлгө барабар болгон илимий мезгилдүү басылмаларда жарыяланган иштери болсо, мында кошумча критерийлери менен жалпы баллдын саны 250дөн кем болбошу керек.
Эмгектери докторлук диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек;
г) улук илимий кызматкердин же доценттин окумуштуулук наамы болсо;
д) илимий жетекчи катары окумуштуулук даражалар берилген 2ден кем эмес окуучу даярдаса.
3. Доценттин окумуштуулук наамын ыйгаруу
13. Доцент – компетенттүүлүктүн жогорку деңгээлиндеги жана илимдин же искусствонун белгилүү бир тармагында лекциялардын курсун окуган окутуучунун окумуштуулук наамы, ал ушул Жободогу талаптарды сактоо шартында ыйгарылат.
14. Доценттин окумуштуулук наамы доценттин, кафедра башчысынын, факультеттин деканынын, филиалдын же институттун жетекчисинин, жогорку окуу жайынын же квалификацияны жогорулатуу институтунун проректорунун, ректорунун кызмат ордунда иштеген илимдин докторлоруна жана кандидаттарына, эгер алардын окумуштуулук наамды изденип алуу үчүн даярдалган аттестациялык делосунда көрсөтүлгөн илимий адистик боюнча жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, лекциялардын курсун жогорку кесиптик деңгээлде окуса, ошондой эле аттестациялык документтерди берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
а) кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин наамга сунушталган жери боюнча көрсөтүлгөн кызмат орундарында үч окуу жылынан кем эмес мезгил ийгиликтүү иштесе;
б) сегиз жылдан кем эмес илимий-педагогикалык иш стажы болсо, анын бештен кем эмеси жогорку окуу жайларында же квалификацияны жогорулатуу институттарында педагогикалык иште өткөн болсо;
в) 2ден кем эмес окуу-методикалык жана/же окуу эмгектери, “Scopus” же “Web of Science” же импакт-фактору 0,1ден кем эмес РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда 4төн кем эмес макаласы болсо, мында кошумча критерийлери менен жалпы баллдын саны 150дөн кем болбошу керек.
Эмгектери кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек.
15. Доценттин окумуштуулук наамы жогорку окуу жайларында доценттин, кафедра башчысынын, декандын кызмат ордунда иштеген искусство кызматкерлерине, эгер алар лекциялардын курсун окуса, жогорку кесиптик деңгээлде сабак берсе, ошондой эле аттестациялык документтерди берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
а) көрсөтүлгөн кызмат орундарында үч окуу жылынан кем эмес ийгиликтүү иштесе;
б) жогорку окуу жайларында беш окуу жылынан кем эмес педагогикалык иш стажы болсо;
в) тиешелүү жогорку билими болсо;
г) өзүнүн чыгармачылык жаатында жеке жетишкендиктери, Кыргыз Республикасынын, мурунку СССРдин же мурунку союздук республикалардын ардак наамдары (искусствого эмгек сиңирген ишмеринин, эмгек сиңирген артистинин, эмгек сиңирген сүрөтчүсүнүн, эмгек сиңирген архитекторунун, ж.б.) болсо;
д) педагогикалык иште колдонулган 3төн кем эмес жарыяланган окуу-методикалык, илимий жана чыгармачыл иштердин автору болсо;
е) эл аралык жана республикалык конкурстардын, көргөзмөлөрдүн, фестивалдардын, кароолордун, сыйлыктардын 2ден кем эмес лауреатын (дипломантын) даярдаса.
16. Доценттин окумуштуулук наамы жогорку окуу жайларында доценттин, кафедра башчысынын, декандын кызмат ордунда иштеген дене тарбия жана спорт кызматкерлерине, эгер алардын жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштери болсо, лекциялардын курсун окуса, жогорку кесиптик деңгээлде сабак беришсе, ошондой эле аттестациялык документтерди берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
а) көрсөтүлгөн кызмат орундарында үч жылдан кем эмес ийгиликтүү иштесе;
б) жогорку окуу жайларында беш жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы болсо;
в) тиешелүү жогорку билими болсо;
г) өзүнүн иш чөйрөсүндө жеке жетишкендиктери, Кыргыз Республикасынын, мурунку СССРдин же мурунку союздук республикалардын “Эмгек сиңирген машыктыруучу”, “Эмгек сиңирген спорт чебери” спорттук наамдарына же “Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамына ээ болсо;
д) акыркы үч жылда жарыяланган 5тен кем эмес илимий жана окуу-методикалык иштердин автору (авторлошу) болсо.
4. Улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамын ыйгаруу
17. Улук илимий кызматкер – илимий-изилдөө мекемесинин компетенттүүлүктүн жогорку деңгээлиндеги илимий кызматкеринин окумуштуулук наамы, ал ушул Жободогу талаптарды сактоо шартында ыйгарылат.
18. Улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамы жогорку окуу жайларынын жана квалификацияны жогорулатуу институттарынын илимий мекемелеринин жана илимий бөлүмдөрүнүн улук илимий кызматкеринин, жетектөөчү илимий кызматкеринин, башкы илимий кызматкеринин, илимий-изилдөө бөлүмүнүн (бөлүнүшүнүн, секторунун, лабораториясынын) башчысынын (начальнигинин), илимий уюмдарда окумуштуу катчынын, директордун орун басарынын, директордун кызмат ордунда иштеген илимдин докторлоруна, кандидаттарына, эгер алар аттестациялык документтерин берген учурда төмөнкү талаптарга жооп берсе ыйгарылышы мүмкүн:
а) кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин көрсөтүлгөн кызмат орундарында эки жылдан кем эмес ийгиликтүү иштесе;
б) 10 жылдан кем эмес илимий-педагогикалык (илимий) иш стажы болсо;
в) “Scopus” же “Web of Science” же импакт-фактору 0,1ден кем эмес РИНЦ системалары аркылуу индекстелүүчү илимий мезгилдүү басылмаларда окумуштуулук наамды изденип алуу үчүн даярдалган аттестациялык делосунда көрсөтүлгөн илимий адистик боюнча 5тен кем эмес макаласы болсо, мында кошумча критерийлери менен жалпы баллдын саны 150дөн кем болбошу керек.
Эмгектери кандидаттык диссертациясын коргогондон кийин жарыяланышы керек.
5. Аттестациялык делолорду окумуштуулар кеңешинде жана Комиссияда кароонун тартиби
19. Окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөрдүн сунушталган жери боюнча документтерин кароонун жана тариздөөнүн тартиби Окумуштуулук наамдарды изденип алууга аттестациялык делолорду тариздөө боюнча нускамада баяндалган талаптарга ылайык келиши керек.
20. Окумуштуулук наамды ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин чечими жашыруун добуш менен ар бир талапкер боюнча жекече кабыл алынат.
21. Окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңешинин жыйыны, эгер анын ишине кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу деп эсептелет. Окумуштуулук наамды ыйгаруу маселеси боюнча окумуштуулар кеңешинин чечими, эгер жыйынга катышкан кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси ага добуш берген учурда оң чечилди деп эсептелет.
22. Окумуштуулар кеңеши жыйындан кийин бир айлык мөөнөттө Комиссияга окумуштуулук наамды изденүүчүнүн аттестациялык документтерин ушул Жобонун тиркемесине ылайык форма боюнча жиберет.
23. Комиссия окумуштуулук наамды ыйгарууга келип түшкөн аттестациялык делону алгандан кийин аттестациялык делонун документтеринин толуктугун жана туура таризделишин, аттестациялык делолорду тариздөөгө коюлган талаптарга шайкештигин, ошондой эле ушул Жободо жана Окумуштуулук наамдарды изденип алууга аттестациялык делолорду тариздөө боюнча нускамада белгиленген окумуштуулук наамга сунуш кылуунун тартибине шайкештигин текшерет.
24. Документтердин толук эместиги же туура эмес таризделгендиги аныкталган учурда Комиссия окумуштуулук наамды изденүүчүнүн аттестациялык делосун окумуштуулар кеңешинде карабастан аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн себебин негиздөө менен кайтарып берет. Мындай учурда окумуштуулук наамды ыйгаруу маселеси боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтү аттестациялык дело кайрадан Комиссияга келип түшкөн күндөн тартып эсептелет.
25. Окумуштуулар кеңеши аттестациялык делону Комиссиядан алган күндөн тартып 1 айдын ичинде аныкталган бузууларды оңдоого милдеттүү. Мында профессордун, доценттин жана улук илимий кызматкердин аттестатын берүү маселеси боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтү толуктап иштелип чыккан аттестациялык дело кайрадан келип түшкөн күндөн эсептелет.
26. Окумуштуулар кеңеши окумуштуулук наамды изденип алууга аттестациялык делонун ушул Жобонун жана Окумуштуулук наамдарды изденип алууга аттестациялык делолорду тариздөө боюнча нускаманын талаптарына шайкештиги жана таризделиши үчүн жоопкерчилик тартат.
27. Профессордун окумуштуулук наамын изденип алууга келип түшкөн аттестациялык делону аттестациялык бөлүм эксперттик кеңештин кароосуна берет, алар Комиссиянын президиумуна сунуш даярдашат. Доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамын изденип алууга келип түшкөн аттестациялык делолор аттестациялык бөлүмдөр тарабынан каралат жана президиумга берилет, талаш-тартыш келип чыккан учурларда аттестациялык делолор эксперттик кеңештин кароосуна өткөрүп берилиши мүмкүн.
28. Комиссияда профессордун окумуштуулук наамын изденүүчүлөрдүн аттестациялык документтерин кароо мөөнөтү төрт айдан, ал эми доцент жана улук илимий кызматкер боюнча – үч айдан ашпашы керек.
29. Ушул Жобонун талаптарына шайкеш келбеген, окумуштуулук наамды изденүүчүнүн аттестациялык делосу мурда аныкталган кемчиликтери четтетилбестен кайра келип түшкөн учурда Комиссиянын президиуму окумуштуулук наамды ыйгаруу маселеси боюнча терс чечим кабыл алат, окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө жаңы өтүнүч кат окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңеши тарабынан каралат жана Комиссияга бир жылдан эрте эмес убакытта жиберилет.
30. Окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч катты кайрадан бериш үчүн изденүүчүнүн ушул Жобонун талаптарына ылайык жаңы жарыяланган окуу-методикалык жана илимий иштеринин болушу милдеттүү шарт катары эсептелет.
6. Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө документтердин эквиваленттүүлүгүн таануу жана аныктоо (нострификациялоо). Илимий-педагогикалык жана илимий кадрларды аттестациялоо
31. Окумуштуулук наамдарды таануу жөнүндө Кыргыз Республикасы келишимдерди (макулдашууларды) түзгөн мамлекеттерде илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерге берилген окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтердин эквиваленттүүлүгүн таануу жана аныктоо (нострификациялоо) изденүүчү иштеген уюмдун өтүнүч каты же анын арызы боюнча Комиссия тарабынан ишке ашырылат.
32. Профессордун, доцентин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамдары Кыргыз Республикасынын тийиштүү мекемелерине педагогикалык жана илимий ишке чакырылган чет мамлекеттин жарандарына ушул Жобонун талаптарына ылайык ыйгарылышы мүмкүн.
7. Улуттук аттестаттарды жана күбөлүктөрдү тариздөө жана берүү
33. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-сентябрындагы № 377 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссия жөнүндө жобого ылайык Комиссия окумуштуулук наамды ыйгаруу тууралуу улуттук аттестаттарды жана окумуштуулук наамдын эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүктөрдү тариздейт жана белгиленген тартипте берет.
34. Окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө чечим Комиссиянын президиуму тарабынан кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
35. Окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө аттестат жоголгон учурда анын жуп нускасы берилиши мүмкүн.
36. Арыз ээсинин аты-жөнү өзгөртүлгөн учурда аттестаттар жаңысына алмаштырылбайт.
8. Окумуштуулук наамдардан ажыратуу (калыбына келтирүү)
37. Окумуштуулук наамдан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндө маселени кароо жол-жобосу ушул Жобо, ошондой эле окумуштуулук даражалардан жана окумуштуулук наамдардан ажыратуу (калыбына келтирүү) жол-жобосунун регламенти менен белгиленет.
38. Комиссияга мамлекеттик уюмдардан жана мекемелерден, ошондой эле жеке адамдардан окумуштуулук наамдан ажыратуу (калыбына келтирүү) маселесин кароо үчүн негиз болуучу себеби баяндалган өтүнүч каттар келип түшкөндө, Комиссия президиумдун жыйынында бул маселени карайт жана өз чечимин чыгарат.
39. Окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештеринин чечими менен мурда окумуштуулук наамдарынан ажыратылган адамдардын наамдары, ошол окумуштуулар (илимий-техникалык) кеңештеринин өтүнүч катынын негизинде Комиссиянын президиумунун чечими менен калыбына келтирилиши мүмкүн.
40. Окумуштуулук наамдан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндө өтүнүч каттарды кароо мөөнөтү алты айдан ашпайт.
41. Өзгөчө жагдайларды эске алуу талап кылынган, анын ичинде көрсөтүлгөн кеңештердин иши токтотулган учурларда окумуштуулук наамдан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндө өтүнүч каттарды демилгелөө жөнүндөгү маселелер Комиссиянын тапшырмасы боюнча башка кеңештер тарабынан каралат.
42. Окумуштуулар кеңешинин жыйыны, анын ишине кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса укуктуу деп эсептелет. Окумуштуулук наамдан ажыратуу (калыбына келтирүү) жөнүндө окумуштуулар кеңешинин чечими жыйынга катышкан кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмесинин жашырын добуш берүүсү менен кабыл алынат.
43. Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу жөнүндө үч жылдан ашык убакыт мурун кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгү менен байланышкан маселелер аттестация органдары тарабынан каралбайт.
9. Апелляцияларды кароо
44. Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу, ажыратуу, калыбына келтирүү жана илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлерди кайрадан аттестациялоо жөнүндө Комиссиянын президиумунун чечимине карата апелляция тиешелүү чечим чыгаруу үчүн Комиссияга жиберилиши мүмкүн.
45. Комиссиянын президиумунун чечимдерине карата апелляцияны кароо мөөнөтү профессордук окумуштуулук наам боюнча алты айды, доценттин жана улук илимий кызматкердин окумуштуулук наамы боюнча – төрт айды түзөт.
Каникул убактысы (июль, август) кароонун жалпы мөөнөтүнөн алып салынат.
46. Апелляцияны кароо үчүн Комиссиянын жетекчилигинин чечими боюнча апелляциялык комиссия түзүлөт. Апелляциялык комиссиянын курамына Комиссиянын президиумунун мүчөлөрү, каралган окумуштуулук наамдын адистиги боюнча эксперттик кеңештин мүчөлөрү, ошондой эле төраганын орун басары – башкы окумуштуу катчы жана Комиссиянын тиешелүү аттестациялык бөлүмүнүн жетекчиси киргизилет.
47. Апелляциялык комиссиянын жыйынына изденүүчү жана комиссиянын пикири боюнча апелляцияда коюлган маселенин маңызына түздөн-түз тиешеси бар башка адамдар да чакырылышы мүмкүн. Апелляциялык комиссия кошумча материалдарды суратып алууга укуктуу.
48. Апелляциялык комиссия чечимди ачык добуш берүү жолу менен кабыл алат. Апелляциялык комиссиянын жыйынынын протоколу Комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет.
49. Апелляциялык комиссиянын чечими Комиссиянын президиумунун жыйынына кайрадан кароо жана бекитүү үчүн чыгарылат.
50. Апелляция маселеси боюнча Комиссиянын президиумунун чечими акыркы болуп саналат.
| Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобонун тиркемеси |
Форма
Окумуштуулук наамды изденүүчүлөрдүн Комиссияга берүүчү документтеринин ТИЗМЕСИ
1. Документтердин тизмеси.
2. Уюмдун жетекчисинин колу коюлган ошол уюмдун бланкындагы коштомо кат.
3. Комиссиянын президиумунун чечими менен бекитилүүчү Окумуштуулук наамдарды ыйгарууга аттестациялык документтерди тариздөө боюнча нускамада көрсөтүлгөн форма боюнча Окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө маалымкат.
4. Иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракча сүрөтү менен.
5. Эмгек китепчесинин көчүрмөсү.
6. Паспортунун көчүрмөсү.
7. Жогорку билими жөнүндө документинин көчүрмөсү, илимдин кандидатынын, илимдин докторунун дипломдорунун көчүрмөлөрү (чет өлкөдө окумуштуулук даража алган адамдар үчүн – эквиваленттүүлүк жөнүндө документтин көчүрмөсү).
8. Илимий жана илимий-методикалык эмгектеринин тизмеси.
9. Окумуштуулар кеңешинин протоколунан көчүрмө.
10. Жарыяланган эмгектердин көчүрмөлөрү.
Эскертүү: Профессордун окумуштуулук наамын изденүүчүлөр даярдаган окуучуларынын диссертацияларынын авторефераттарын кошо тиркеп бериши керек.
Ушул тизмеде көрсөтүлгөн документтер CD-дискте электрондук түрдө да тапшырылышы керек.