ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 60 «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө» Жарлыгы

Редакция26.02.22 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 24-февралы ПЖ № 60

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12, 13-беренелерине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларына квалификациялык класстар ыйгарылсын:

жогорку квалификациялык класс

Бобукеева Мээргул Рыскулбековнага - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы;

биринчи квалификациялык класс

Шаршеналиев Жамил Асанбековичке - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы;

бешинчи квалификациялык класс:

Мырзаканова Бермет Низамидиновнага - Ысык-Кол облустук сотунун судьясы;

Шанкаев Талгат Токтоназаровичке - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы;

Шералиев Саматбек Абдуллаевичке - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров