Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 11-марты ПЖ № 76
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 566 "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 133 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Түз инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик-жеке долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен туристтик тармакты өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-декабрындагы № 566 "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун экинчи абзацындагы "мамлекеттик мекемесин" деген сөздөр "ачык акционердик коомун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) (КР Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 133 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 133 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-мартындагы № 26 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |