Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 17-декабры ПЖ № 566
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 11 мартындагы ПЖ № 76, 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 101, 2026-жылдын 31-мартындагы № 133 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү (анын ичинде транспорттук, коммуналдык, инновациялык, оюн-зооктук жана туризм чөйрөсүнө тартылган башка инфратүзүмдөрдү) реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомун белгиленген тартипте түзсүн;
- Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин.
(В редакции Указа Президента КР от 11 марта 2022 года УП № 76)
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин курамы
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 133 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Улуттук кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Улуттук кеңештин төрагасынын орун басары.
Улуттук кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Ала-Тоо Резорт" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз туристтик уюмдардын ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Hospitality Kyrgyzstan" ("Хоспиталити Кыргызстан") коомдоштуктарына негизделген Кыргыз туризм ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Экономикалык палата" ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргызстандын туристтик дестинациялар альянсынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Тоо лыжа базалары ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"HoReCa клуб" мейманкана жана ресторан ээлеринин ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча).