Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2022-жылдын 16-марты ПЖ № 82
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-августундагы № 348 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пунктунда:
- 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси";
- 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
"11) финансы чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |