Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 24-августу ПЖ № 348
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин айрым маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 16-мартындагы ПЖ№ 82, 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34, 2026-жылдын 17-мартындагы № 114 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна жана 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши (мындан ары - Коопсуздук кеңеши) төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Коопсуздук кеңешинин Төрагасы, кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти болуп саналат;
- (абзац Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- Коопсуздук кеңешинин катчысы;
- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү.
2. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү кызмат орду боюнча төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси;
3) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы;
4) (КР Президентинин 2022-жылдын 16-мартынадгы ПЖ № 82 жарлыгынын редакциясынын күчүн жоготту)
5) Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
6) коргонуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
7) тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
8) өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
9) ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси;
10) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.
11) финансы чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.
12) мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын жетекчиси.
(КР Президентинин 2022-жылдын 16-мартындагы ПЖ№ 82, 2026-жылдын 17-мартындагы № 114 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Башкаруу чечимдерин кабыл алууну талап кылган улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун учурдагы маселелерин талкуулоо үчүн Коопсуздук кеңешинин айрым мүчөлөрүнүн катышуусу менен анын оперативдик жана жумушчу кеңешмелери өткөрүлүшүнүн мүмкүндүгү белгиленсин.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |