Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 25-февралы ПЖ № 90
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамында:
курамдан Койчуманов Мээримбек Нурбекович, Макешов Чингиз Дуйшенкулович, Никитенко Наталья Владимировна, Турусбеков Бактыбек Сагындыкович, Купешев Болотбек Душекович, Догоев Дастан Давлетович, Исеналиев Эмилбек Аскеевич, Самтырова Гулумкан Исаевна, Тунгатаров Актилек Кырманчиевич чыгарылсын;
Алиев Медербек Кубанычевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Ашимова Динара Ашимовна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Козуев Алишер Абибиллаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Нурбаев Жалолидин Паязидинович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Азыгалиев Нурланбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Иманов Талантбек Орускулович - Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри, Иманалиев Дастан Шаршенбекович - Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын аткаруучу директору киргизилсин;
"Маматалиев Марлен Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча)" деген позициядагы "Республика - Ата-Журт" фракциясынын" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |