ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2022-жылдын 25-февралындагы ПЖ № 90 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыгы

Редакция25.03.2022 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 25-февралы ПЖ № 90

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 21-октябрындагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамында:

курамдан Койчуманов Мээримбек Нурбекович, Макешов Чингиз Дуйшенкулович, Никитенко Наталья Владимировна, Турусбеков Бактыбек Сагындыкович, Купешев Болотбек Душекович, Догоев Дастан Давлетович, Исеналиев Эмилбек Аскеевич, Самтырова Гулумкан Исаевна, Тунгатаров Актилек Кырманчиевич чыгарылсын;

Алиев Медербек Кубанычевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Ашимова Динара Ашимовна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Козуев Алишер Абибиллаевич - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Нурбаев Жалолидин Паязидинович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Азыгалиев Нурланбек Асанбекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча), Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Иманов Талантбек Орускулович - Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри, Иманалиев Дастан Шаршенбекович - Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын аткаруучу директору киргизилсин;

"Маматалиев Марлен Абдрахманович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты (макулдашуу боюнча)" деген позициядагы "Республика - Ата-Журт" фракциясынын" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров