Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 345 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 7-марты ПЖ № 73
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 515 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-ноябрындагы № 515 "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекцияны түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- эки жумалык мөөнөттө "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борборун куруу" долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик дирекция жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин, анын штаттык санын аныктасын;
- "Бишкек-Сити" эл аралык ишкердик борбордун жайгашкан жерин аныктасын.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |