Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги ПТ № 52 (Жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасына маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иштеген азыркы учурдун креативдүү жама жогорку квалификациялуу адистерин (санариптик көчмөндөрдү), инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу жөнүндө) тискемеси
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 4-апрели ПТ № 52
Соңку жылдары санариптик технологиялардын болуп көрбөгөндөй өнүгүшү маалымат алуу жана иштеп чыгуу мүмкүндүгүн гана түп тамырынан өзгөртпөстөн, адамдын жашоо-турмушунун дээрлик бардык чөйрөсүн өзгөртүү үчүн негиз түзүп. экономиканы өнүктүрүүнүн көптөгон жаңы багыттарын ачты.
Айрыкча кескин өзгөрүүлөр глобалдык COVID-I9 коронавирустук инфекциясынын пандемиясы мезгилинде болду, мында бир катар жаны кесиптердин өкүлдөрү өз ишин турган жерине карабастан жүргүзө алышты. Азыркы учурда дүйнөдө жаңы глобалдык креативдүү класстын өкүлдөрүн түзгөн адамдардын өзгөчө социалдык категориясы (санариптик көчмөндөр) пайда болду.
Көптөгөн өлкөлөрдө мындай адистер, ошондой эле жаңы индустриялардын бүтүндөй ишканалары үчүн жашап турууга, иштөөгө уруксатты тариздөөдө жагымдуу шарттарды түзүү жана өзгөчө салык режимдерин киргизүү боюнча активдүү чаралар көрүлүүдө.
Ыңгайлуу жашоо жана иштөө үчүн жай катары Кыргызстандын жагымдуулугун жакшыртуу, глобалдык экономиканын жаны жогорку технологиялык чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү үчүн жаны ишканаларды жана жумуш орундарын түзүү боюнча кошумча чараларды көрүүгө убакьп келди.
Жагымдуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасына маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө иштеген азыркы учурдун креативдүү жама жогорку квалификациялуу адистерин (санариптик көчмөндөрдү), инвесторлорду жана ишкерлерди тартуу, жаңы ишканаларды ачуу, инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку техмологиялык тармактарын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
-маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү квалификацияга ээ жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарды каттоонун жөнөкөйлөштүрүлгөн, анын ичинде онлайн-арыз берүүнү караган тартибин иштеп чыксын:
-жогоруда аталган чет өлкөлүк жарандарды ишке орноштуруу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрсүн. ошондой эле Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарга консультациялык жардам көрсөтүү боюнча бирдиктүу маалыматтык веб-порталды уюштуруу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
-"Бишкек" ЭЭЗ жана Жогорку технологиялар паркынын аянтчасында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү чет өлкөлүк компанияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселесин иштеп чыксын;
-маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү квалификацияга ээ жана программалык продуктуларды иштеп чыгуу чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандарга визаларды тариздөө жол-жобосун жөнөкөйлөштүрсүн;
-бир айлык мөөнөттө ушул тескемени ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын иштеп чыксын жана бекитсин.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикысынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |