Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 9-июну ПЖ № 179
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 114 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 13-апрелиндеги № 114 "Ош шаардык клиникалык ооруканасынын ишин жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ош шаарынын мэриясы Ош шаары, Курманжан Датка көчөсү, 157 дарегинде жайгашкан, аянты 2,08 га жер участогу менен Ош шаардык клиникалык ооруканасынын имараттарын клиникалык база катары пайдалануу үчүн Ош мамлекеттик университетинин карамагына белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү жүргүзсүн.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |