Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 110 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 88 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруунун тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы (мындан ары - Мамлекеттик сыйлык) коомдун жана мамлекеттин алдында илимий ишмерлердин сиңирген эмгегин эң жогорку деңгээлде таануу болуп саналат.
Мамлекеттик сыйлык Кыргыз Республикасынын илим күнүнө карата эки жылда бир жолу ыйгарылат.
3. Мамлекеттик сыйлыктар төмөнкүлөргө ыйгарылат:
1) мамлекеттик тилди сактоого жана өнүктүрүүгө, статусун жогорулатууга өбөлгө түзгөн көрүнүктүү илимий эмгектер үчүн (илимдин бардык багыттары боюнча) - Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлык;
2) ата мекендик илимди олуттуу түрдө байытып, табигый, техникалык жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүүгө, кыргыз илимин жана техникасын дүйнөдөгү алдыңкы жетишкендиктердин деңгээлине чыгарууга орчундуу салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары үчүн;
3) экономиканы жана социалдык чөйрөнү инновациялык өнүктүрүүнү, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоону камсыз кылган жаңы техниканын үлгүлөрүн жана прогрессивдүү технологияларды иштеп чыккандыгы үчүн;
4) мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды камтыган экономиканын ар кандай тармактарындагы принциптүү жаңы буюмдарды, технологиялык процесстерди түзгөндүгү жана иштеп чыккандыгы үчүн.
Ар бир Мамлекеттик сыйлыктын өлчөмү 250000 (эки жүз элүү миң) сомду түзөт, Мамлекеттик сыйлык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
4. Илимий ишмерлердин илимди өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанилүүлүгү илимий жетишкендиктеринин деңгээлин (келечектүү илимий милдеттерди чечүү, жаңы илимий багытты же илимий мектепти түзүү) жана алардын илимий изилдөөлөрдөн алынган жыйынтыктарды андан ары колдонуу потенциалын эске алуу менен аныкталат.
Илимий ишмерлердин иштеп чыгууларга кошкон салымынын маанилүүлүгү жаңы техниканын иштелип чыккан үлгүлөрүнүн жана прогрессивдүү технологиялардын илимий-техникалык деңгээлин, алардын эл аралык рынокто атаандашууга жөндөмдүүлүгүн, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну, ошондой эле иштелип чыккан үлгүлөрдү жана технологияларды киргизүү масштабын эске алуу менен аныкталат.
5. Эгерде Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга көрсөтүлгөн эмгектердин арасынан татыктуулары табылбаса же изденүүчүлөрдүн саны мамлекеттик сыйлыктардын санынан аз болсо, анда мамлекеттик сыйлыктар тиешелүү түрдө ыйгарылбайт же аз санда ыйгарылат.
6. Мамлекеттик сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Президенти ыйгарат.
Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө сунуштарды Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) берет.
2-глава. Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби
7. Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга эмгектерди көрсөтүү министрликтер, административдик ведомстволор, илимий мекемелер, жогорку окуу жайлары, илимий жана инженердик-техникалык коомдор, ишканалар, мекемелер жана коомдук бирикмелер тарабынан жүргүзүлөт.
8. Мамлекеттик сыйлык бир илимий ишмерге, ошондой эле жашаган жерине карабастан, үч адамдан ашпаган илимий ишмерлердин жамаатына да ыйгарылат. Мамлекеттик сыйлык бир адамга же жамаатка бир гана жолу ыйгарылат.
9. Бир эмгек Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга бир гана жолу көрсөтүлүшү мүмкүн.
Мамлекеттик сыйлыкка бир эле изденип алуучунун талапкерлиги эки же андан көп эмгектери боюнча көрсөтүлүшү мүмкүн эмес.
10. Эгерде талапкерлер илимий изилдөөнү же иштеп чыгууну аткаруу процессинде административдик же уюштуруучулук функцияларды гана аткарса, анда аларды мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга көрсөтүүгө жол берилбейт.
11. Мамлекеттик тилдеги филология жана адабият таануу боюнча илимий эмгектерден тышкары, мамлекеттик сыйлыктарды изденип алууга көрсөтүлгөн илимий эмгектер "Scopus", "Web of Science", РИНЦ эл аралык маалыматтар базасында индексациялануучу таанымал эл аралык илимий басылмаларга жарыяланууга, ал эми техниканын жаңы түрлөрү, материалдар жана технологиялар Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга көрсөтүлгөн учурга карата эки жылдан кем эмес мезгилдин ичинде өндүрүштө өздөштүрүлүүгө тийиш.
12. Мамлекеттик сыйлыктарды изденип алуучуларды сунуштоонун жана аларга тиркелген материалдарды берүүнүн мөөнөтү Комиссия тарабынан белгиленет. Сунуштоо мөөнөттөрү, аларга, тиркелген материалдарды тариздөөгө коюлган талаптар жөнүндө маалымат, ошондой эле сунуштамаларды кабыл алуунун башталышы жана аякташы жөнүндө кулактандыруулар сунуштоолорду кабыл алуу башталган күнгө чейин эки жумадан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.
3-глава. Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия
13. Секциялардан турган Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилет.
Комиссия төраганы кошкондо 21 адамдан түзүлөт.
Комиссиянын мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
Жумушчу орган тарабынан илимдин жана техниканын тиешелүү тармактары боюнча Комиссия мүчөлөрүнүн ичинен секциялар жана эксперттик топтор түзүлөт жана алардын жетекчилери дайындалат.
14. Комиссиянын төрагасы:
- Комиссиянын ишин жалпы жетектейт;
- Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим кабыл алат;
- Комиссиянын төрагасынын орун басарынын, мүчөлөрүнүн жана жумушчу органдын ыйгарым укуктарын, милдеттерин жана жеке жоопкерчиликтин деңгээлин аныктайт.
15. Комиссиянын төрагасы ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды сапаттуу жана өз убагында аткарууга жеке жоопкерчилик тартат.
16. Комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн талапкерлигин мамлекеттик сыйлыкка изденүүгө көрсөтө албайт.
17. Комиссиянын курамынан убактылуу негизде чыгарылган мүчөлөрү мамлекеттик сыйлыктарга изденип алууга өз талапкерлигин көрсөтө алат.
18. Комиссиянын катчысы Комиссиянын жыйналыштарын даярдайт жана уюштурат, ошондой эле Комиссиянын ишинин күндөлүк маселелерин чечет.
19. Комиссиянын жыйналыштары Комиссиянын төрагасы бекиткен Комиссиянын иш планына ылайык өткөрүлөт. Пландан тышкары жыйналыштар зарылдыгына жараша Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча өткөрүлөт.
20. Эгерде курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, Комиссиянын (секциянын) жыйналышы ыйгарым укуктуу деп эсептелет.
21. Өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминин, чектөө иш-чараларынын (карантин) же ал жеткис күчтүн жагдайларынын таасиринин шарттарында дистанциялык технологияларды колдонуу менен онлайн режиминде жыйналыштарды өткөрүүгө жол берилет.
22. Комиссиянын жумушчу органынын функциясын илим тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган аткарат.
Комиссиянын ишин уюштуруучулук, маалыматтык, документтик, укуктук, финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылууну жумушчу орган жүргүзөт.
23. Комиссиянын жумушчу органы төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга көрсөтүлгөн эмгектерди тариздөөгө коюлуучу жалпы талаптарды аныктайт;
2) Комиссиянын атынан Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган жылы Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга эмгектерди кабыл алуу жана аларды тариздөөнүн талаптары жөнүндө кулактандырууну жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;
3) Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга талапкерлерден эмгектерди кабыл алат жана каттайт;
4) Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга көрсөтүлгөн эмгектерге мамлекеттик илимий-техникалык экспертиза жүргүзүүнү уюштурат;
5) мамлекеттик илимий-техникалык экспертизадан эки терс корутунду алган эмгекти андан ары кароого жибербейт;
6) Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга көрсөтүлгөн ар түрдүү багыттар боюнча илимий эмгектерди эксперттик-аналитикалык баалоо жүргүзүү үчүн секцияларга жана эксперттик топторго киргизет;
7) Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга көрсөтүлгөн эмгектерге алдын ала тандоо жүргүзөт, мамлекеттик илимий-техникалык экспертизанын корутундусун эске алуу менен анын реалдуу чыгармачылык салымы боюнча изденип алуучунун билдирилген авторлукка (авторлоштугуна) шайкештигин аныктайт;
8) алдын ала тандоодон өткөн эмгектердин тизмесин авторлорун жана ушул эмгектерди көрсөткөн уюмду көрсөтүү менен кеңири талкуулоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт, буга мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды камтыган эмгектер кирбейт;
9) Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга көрсөтүлгөн эмгектерге келип түшкөн пикирлерге талдоо жүргүзөт;
10) эмгек жана изденип алуучулар жөнүндө маалыматтарды камтыган жалпыланган маалымкатты, мамлекеттик илимий-техникалык экспертизанын жана секциялардын корутундусун, пикирлер жөнүндө маалыматты даярдайт;
11) Комиссиянын жыйналышына чейин 14 күн калганда анын кароосуна алдын ала тандоодон өткөн эмгектер, мамлекеттик илимий-техникалык экспертизанын жана секциялардын корутундулары киргизилет, Комиссиянын мүчөлөрүнө материалдарды таркатат;
12) Мамлекеттик сыйлыктын лауреаттарына дипломдорду тариздөөнү, төш белгилерин даярдоону, лауреаттарга акчалай сыйлык төлөп берүүнү камсыз кылат.
4-глава. Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга талапкерлердин эмгектерин экспертизадан өткөрүүнүн тартиби
24. Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга талапкерлердин эмгектерин жана алардын ушул Жободо аныкталган талаптарга ылайык келишин текшерүү максатында документтер кабыл алынгандан кийин бир жумалык мөөнөттө эксперттик топтун жыйналышында ар бир эмгекти баалоо үчүн экиден эксперт аныкталат.
25. Эксперттердин корутундулары дал келбеген учурда эксперттик топтун чечими менен үчүнчү эксперт аныкталат.
26. Эксперттик корутундулар жана Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлердин эмгектери эксперттик топтун жыйналышында талкууланып, анын жыйынтыгы протокол менен таризделет жана илимдин, техниканын тиешелүү тармактары боюнча эксперттик топтун бардык мүчөлөрүнүн колу коюлат.
27. Талапкерлердин эки терс корутунду берилген эмгектери Комиссиянын жыйналышына чыгарылбайт.
28. Эксперттик топтордун жыйналыштарынын протоколдору жумушчу органга берилет.
29. Экспертизанын жыйынтыктары жана эксперттер жөнүндө маалыматтар Комиссиянын мүчөлөрүнө жана жумушчу органга гана жеткиликтүү жана ачыкка чыгарууга жатпайт.
5-глава. Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга талапкерлерди аныктоонун тартиби
30. Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга талапкерлердин эмгектерине экспертизанын жыйынтыгы боюнча даярдалган материалдар жумушчу топ тарабынан Комиссияга жөнөтүлөт.
31. Комиссиянын жыйналышына чейин эки жума калганда Комиссиянын мүчөлөрү Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга көрсөтүлгөн талапкерлердин материалдары менен, ага тиркелген эксперттик корутундуларды жана талкуулоонун жыйынтыктары тууралуу жалпыланган маалымкатты тиркөө менен таанышат.
32. Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө чечим жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен, жашыруун добуш берүү жолу аркылуу кабыл алынат.
Комиссия тарабынан кабыл алынган чечим акыркы болуп саналат.
33. Жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмесин - көпчүлүк добушун алган изденип алуучу Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга сунушталат.
Мамлекеттик сыйлыкты ыйгарууга талапкерлерди кароонун жыйынтыктары Комиссиянын протоколу менен таризделет.
6-глава. Мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруунун тартиби
34. Мамлекеттик сыйлыкка татыган адамдарга "Илим жана техника жаатындагы жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктын лауреаты" наамы ыйгарылат, диплом, күбөлүк, көкүрөктүн оң тарабына тагылуучу ардак белги салтанаттуу түрдө тапшырылат жана сыйлыктын акчалай бөлүгү берилет.
Дипломдун, күбөлүктүн, ардак белгинин сыпатталышы Комиссия тарабынан бекитилет.
35. Авторлордун жамаатына мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууда Комиссия төмөнкүлөрдү жетекчиликке алат:
- эки автор болгон учурда сыйлыктын акчалай бөлүгү алардын ортосунда тең бөлүнөт;
- авторлордун жамааты үч адамдан турган учурда жетекчисине сыйлыктын жарымы берилет, ал эми жарымы калган экөөнө тең бөлүнөт;
- авторлордун жамааты жетекчини көрсөтпөгөн учурда сыйлык жамааттын бардык мүчөлөрүнүн ортосунда тең бөлүнөт.
36. Мамлекеттик сыйлыктын көз жумган же өлгөндөн кийин сыйланган лауреатынын диплому, күбөлүгү жана төш белгиси анын үй-бүлөсүнө тапшырылат же Комиссияда калтырылат. Сыйлыктын акчалай бөлүгү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте мурас боюнча берилет.