Загрузка документа…
|
| |
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 82, 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2023-жылдын 4-декабрындагы № 632, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 , 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328, 2024-жылдын 27-августундагы № 525, 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик жыйым маркаларын сатып алуу жана колдонуу тартибин аныктайт.
Ушул Жобонун максаттарында төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) импорттоочу - Кыргыз Республикасынын аймагына маркалануучу продукцияны ташып киргизген салык төлөөчү;
2) ыйгарым укуктуу банк - ыйгарым укуктуу салык органы менен тейлөөгө келишим түзгөн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясы же күбөлүгү бар коммерциялык банк;
3) маркалануучу продукция - Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, тизмеси Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-8-пункттарында көрсөтүлгөн акциздик товарлар (ТЭИ ТН коду 220430 жүзүм суслодон тышкары) жана ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 жана 3811210000 товардык позицияларында классификациялануучу битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майлар, башка майлар, майлоочу майларга кошумдар, ошондой эле ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларында классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спирит;
4) акциздик марканын номиналдык наркы - ыйгарым укуктуу банк аркылуу сатуу учурунда акциздик марканын сатылуучу баасы;
5) тамеки буюмдарынын маркалары (аталышы) - жекече белгилениши (аталышы), рецептурасы, өлчөмү, чыпкасынын болушу же болбошу, ошондой эле өндүрүүчүлөр тарабынан белгиленген башка керектөө сапаттары сыяктуу бир же бир нече белгилери менен башка маркалардан айырмаланган тамеки буюмдарынын ассортименттик позициясы;
6) электрондук-маалыматтык элемент - электрондук түзүлүштөр жана/же программалык тиркемелер менен аныкталуучу, аныктыгынын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды өзүндө алып жүрүүчү, ошондой эле салык органдарына жыйымдарды чогултууга, эсептик контроль жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү кайсы болбосун башка маалыматтарды алып жүрүүчү акциздик маркадагы элемент;
7) салык кызматынын органы - ыйгарым укуктуу салык органы жана аймактык салык органдары.
8) банктык кепилдик - бул салык төлөөчү акциздик салыкты акциздик маркаларды алууга өтүнмө берген күндөн тартып 40 календардык күнгө чейин, бирок отчеттук салык мезгилинен кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөбөгөн учурда акциздик салыктын өлчөмүндөгү милдеттенменин салык төлөөчүнүн банктык кепилдигинде көрсөтүлгөн суммасын салык кызматынын органына төлөөгө кепил катары чыккан Кыргыз Республикасынын коммерциялык банкынын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси.
9) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү, импорттоо, сактоо жана жүгүртүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты камсыз кылуучу жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү, чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.
Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана/же Евразия экономикалык бирлигинин Бажы бирлигинин Бажы кодексинде аныкталган мааниде чечмеленет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470, 2023-жылдын 4-декабрындагы № 632, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 169, 2024-жылдын 27-августундагы № 525 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Уюмдарга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик марка менен белгиленбеген маркалануучу продукцияны жөнөтүүгө жана сатууга, ошондой эле акциздик маркасы жок маркалануучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө, ташууга, комиссияга же консигнацияга кабыл алууга тыюу салынат.
Жеке жактарга акциздик марка менен белгиленбеген маркалануучу продукцияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдердин чектеринде Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизүүгө (жөнөтүүгө) жол берилет.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу, тизмеси Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-8-пункттарында көрсөтүлгөн акциздик товарлар (ТЭИ ТН коду 220430 жүзүм суслодон тышкары) жана ТЭИ ТН 2710197100-2710199800, 3403199000 жана 3811210000 товардык позицияларында классификациялануучу битуминоздук породалардан алынган мунайды же мунай продуктуларын камтыган майлоочу майлар, башка майлар, майлоочу майларга кошумдар, ошондой эле ТЭИ ТН 3811190000, 2710122509, 2710122100 товардык позицияларында классификациялануучу, автомобиль отуну катары пайдалануу үчүн дайындалбаган, көлөмү 10 литр жана андан аз болгон идиштерге куюлган суюк тазалагычтар, автомобилдер үчүн спрейлер жана уайт-спирит акциздик жыйым маркасы менен маркаланууга тийиш. Түрлөр, аталыштар жана сыйымдуулук боюнча (алкоголдук ичимдиктер жана суу, анын ичинде канттын, же башка таттуулагычтын, же даамдуу-ароматтык заттардын кошулмалары камтылган минералдык жана газдалган суулар үчүн) акциздик продукцияны маркалоо салык кызматынын органынын акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечиминде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын типтерине жана номерлерине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 179 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан акциздик жыйым маркасы менен маркаланбаган төмөнкү акциздик товарларды жүгүртүүгө тыюу салууга жана милдеттүү түрдө маркалоого мөөнөттөр аныкталат:
- ТЭИ ТН 2203 товардык позициясында классификациялануучу куюлган жана куюлбаган сыра;
- ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу, сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктар;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин 1-пунктунун 6, 7 жана 8-пунктчаларында көрсөтүлгөн тамеки буюмдары.
5. Салык төлөөчү экспорт үчүн өндүргөн маркалануучу продукция экспортко жөнөтүлгөн учурда акциздик марка менен маркаланбайт. Маркаланууга тийиш болгон (анын ичинде товарды алмашуу негизинде же берилүүчү чийки затты пайдалануу менен сатып алынган), Кыргыз Республикасынын аймагында экспорт үчүн өндүрүлгөн жана акциздик марка менен белгиленбеген продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында сатууга тыюу салынат.
6. Маркалануучу продукция куюлган же таңгакталган бөтөлкөдө, кутуда же башка идиште акциздик марканын болушу аларды керектөөчүлөргө сатуу, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташуу (эл аралык транзитти кошпогондо) жана сактоо үчүн зарыл шарттардын бири (буга өндүрүүчү Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгаруу үчүн технологиялык процесске же сактоого ылайык буюмдарды маркалоого чейин сактоо кирбейт).
61. Полимер кега бул кутудан ажыратылбастан же бул картон кутуну кайра колдонуу мүмкүндүгүсүз сатылуучу бир жолу колдонулуучу картон кутуга таңгакталган полимердик кегага куюлган сыраны маркалоо картон кутуга чаптоо менен жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Маркалоо акциздик маркаларды кайталап пайдаланууну жокко чыгарган ыкма менен жүзөгө ашырылат. Чаптоочу жер бөтөлкөнү, кутуну же башка идишти ачуу убагында акциздик марка айрылгыдай болуп аныкталууга тийиш, буга ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу суулар, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган суулар үчүн бөтөлкө же башка идиш кирбейт. Акциздик марканы чаптоодо акциздик марканы бузбастан аны товардан алып салууга мүмкүндүк бербеген клей пайдаланылууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
71. ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу сууларды, анын ичинде кант кошулмаларын же башка таттуу кылуучу, даам-жыпар жыт берүүчү заттарды камтыган минералдык жана газдалган сууларды маркалоо капкагына же продукцияны ачуу үчүн арналган жерге жүргүзүлөт. ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификациялануучу, бир жолку пайдалануу үчүн арналган алюминий банкага же тетрапакка куюлган продукцияга маркалоого идиштин бетинин каалаган тегиз бөлүгүнө жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
8. ТЭИ ТН 2402 жана 2404 товардык позицияларында классификациялануучу тамеки буюмдарынын кутусунда милдеттүү тартипте тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн айы жана жылы жөнүндө маалымат (мындан ары - өндүрүлгөн дата) көрсөтүлөт. Кутусунда атайын целлофан таңгагы бар тамеки буюмдарына акциз маркасы целлофан таңгагынын алдына чапталат жана өндүрүлгөн дата жөнүндө маалымат милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн датасы жөнүндө маалыматтардын үстүнө таңгактоонун (кутунун) кандайдыр бир элементтерин же акциз маркасын чаптоого жол берилбейт.
10. Тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн датасы тууралуу маалыматтарды көрсөтүүгө төмөнкү талаптар коюлат:
1) жазуу так жана окууга жеңил болушу керек;
2) тамеки буюмдарынын таңгагын (кутусун) ачканда жазуулардын толуктугун камсыздоо үчүн жазуу ыңгайлуу жайгаштырылышы керек;
3) жазуу тунук оромо пленкага же кандайдыр бир башка сырткы таңгактоочу материалга жазылбашы керек;
4) тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн датасы тууралуу маалымат араб цифралары менен көрсөтүлөт (шрифттин бийиктиги 3 миллиметрден кем болбойт), пробел коюлбайт: айы.жылы жазылат (хх.хххх). Мисалы: 01.2022.
101. ТЭИ ТН 2403 жана 2404 товардык позицияларында классификациялануучу тамеки жана никотин камтыган продукцияга акциздик марканы маркалоо продукция салынган бир жолку керектөө таңгагына чаптоо жолу менен жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
102. ТЭИ ТН 8543 40 000 0 товардык позицияларында классификациялануучу электрондук сигареттер жана ушул сыяктуу жекече электрдик буулануучу түзүлүштөр (никотинди жеткирүүнүн электрондук системалары) керектөө таңгагынын атайын целлофан таңгагына же үстүнө аларды бузбастан ажыратууга жол бербөөчү ыкма менен акциздик марканы чаптоо жолу менен маркаланат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
103. Ушул Жобонун 10-1 жана 10-2-пункттарында көрсөтүлгөн керектөө таңгактарында акциздик марканы айрыбастан таңгакты ачуу мүмкүндүгү болбошу керек. Эгерде керектөө таңгагында маркаланбаган капкактар аркылуу ачуу мүмкүндүгү бар болсо, алюминий банкаларга жана тетрапакка куюлган алкоголсуз суусундуктарды кошпогондо, бул капкактар керектөө таңгагынын өзүн бузбастан ачууга жол бербегидей болуп чапталууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Бул Жобонун талаптарынан четтөө менен маркаланган продукция маркаланбаган катары каралат.
12. Акциздик маркалар жеткирүүчү менен түзүлгөн келишимге (контрактка) ылайык мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын заказы боюнча даярдалат. Акциздик маркалардын формасы жана үлгүлөрү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жеткирүүчү менен биргеликте иштелип чыгат. Акциздик маркалардын формасы жана үлгүлөрү ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Акциздик маркалар Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн Кыргыз Республикасынын банк системасы аркылуу берилет, ошондой эле чет өлкөлөргө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдорго түздөн-түз жөнөтүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн маркалануучу продукцияларды белгилөө үчүн сатып алынган жана чет өлкөгө өндүрүүчү заводго жиберилген акциздик маркалар маркалануучу продукцияларды өндүрүүнүн технологиялык процесси аяктагандан кийин маркалоо үчүн пайдаланылат.
14. Чет өлкөдө маркалануучу продукциянын өндүрүүчү заводунда чаптоо үчүн ыйгарым укуктуу банкта сатып алынган акциздик маркалар Кыргыз Республикасынын аймагынан бажы төлөмдөрү алынбастан убактылуу ташып киргизүү (уруксат берүү)/ташып чыгаруу бажы жол-жоболоруна ылайык чыгарылат.
15. Салык төлөөчүнүн акциздик маркалардын наркын төлөөсү ыйгарым укуктуу банктагы атайын жабык эсепке акча каражаттарын которуу жолу менен жүргүзүлөт.
16. Ыйгарым укуктуу салык органы өндүрүүчү компания даярдаган жана жеткирген акциздик маркалардын наркын коюлган эсепке ылайык төлөйт, коштолгон чыгымдарды төлөйт. Жылдык салыштырып-текшерүүдөн жана өндүрүүчү компания менен өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин жабык эсептеги калдык сумма ушул Жобонун 18-пунктунда каралган максаттарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен аныкталган максаттарга колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Акциздик маркаларды берүү тартиби
17. Ыйгарым укуктуу банк салык төлөөчүгө акциздик маркаларды ал акциздик маркалардын номиналдык наркын төлөгөндөн кийин гана берет. Акциздик марканы сатып алууда салык төлөөчү, акциздик марканын номиналдык наркынан тышкары, бир эле учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген акциз салыгынын ставкасы боюнча маркалануучу продукцияга акциздик салыкты да төлөйт.
18. Акциздик марканын номиналдык наркын ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт. Акциздик марканын номиналдык наркы акциздик марканы даярдоо наркынан, транспорт чыгымдарынан, анын ичинде өндүрүүчү компания жок болгон учурда, акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банктан чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго чейин жеткирүү боюнча чыгымдардан, бажы төлөмдөрүнөн жана алымдарынан, курстук айырманын өзгөрүшүнүн тобокелдиктерин камсыздандырууга чыгымдардан жана башка чыгымдардан түзүлөт.
Башка чыгымдарга топтолгон каражаттарды акциздик маркалардын чыныгы экенин аныктоо үчүн атайын приборлорду, эсептөө техникасын, байланыш каражаттарын, акциздик маркаларды чаптоо үчүн жабдууну сатып алууга жана тейлөөгө, эсепке алуу-методикалык колдонмолорду даярдоого жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чыгымдарды төлөө кирет.
19. Салык төлөөчүгө акциздик маркаларды сатуу ыйгарым укуктуу банк аркылуу маркаларды берүү же түздөн-түз маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго акциздик маркаларды жөнөтүү жолу менен жүргүзүлөт. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден ташып киргизилүүчү маркалануучу продукция өндүрүүчү заводдо гана маркаланууга тийиш.
Ыйгарым укуктуу банк тарабынан акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим төмөнкү документтер берилген учурда аймактык салык органы тарабынан кабыл алынат:
- арыз-эсеби (ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык 2 нускада). Салык төлөөчүнүн арыз-эсебине өндүрүлүүчү жана/же импорттолуучу акциздик товарлардын аталыштарын көрсөтүү менен ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык акциздик буюмдарды өзгөчөлөө тиркелет. Арыз-эсебинин жана акциздик буюмдарды өзгөчөлөөнүн бир нускасы салык төлөөчүгө кайтарып берилет, экинчи нускасы салык кызматынын органында калат. Алкоголдук продукция үчүн акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсебинин көчүрмөсү салык кызматы органы тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет;
- акциздик продукцияны ташып киргизүүгө жана/же сатууга лицензиянын көчүрмөсү (акциздик продукциянын лицензиялануучу түрлөрү үчүн);
- маркалануучу продукциянын бардык санына акциз салыгы төлөнгөндүгүн же банктык кепилдикти жана акциздик маркалардын номиналдык наркы төлөнгөндүгүн ырастоочу төлөм документтеринин көчүрмөсү жана түп нускасы. Төлөм документинин көчүрмөсү же банктык кепилдиктин түп нускасы салык кызматынын органында калат, төлөм документтеринин түп нускалары салык төлөөчүгө кайтарылып берилет.
Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү жөнүндө чечим, ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолуучу маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан кабыл алынат. Ошол эле учурда ушул пункттун үчүнчү-бешинчи абзацтарында каралган документтерден тышкары салык төлөөчү тарабынан төмөнкү документтер берилет:
- ташып киргизилүүчү акциздик продукцияга инвойстор, ушул келишим боюнча аны колдонуу мезгилинде өтүнмө алгачкы жолу берилген учурда бир жолу маркалануучу продукцияларды жеткирүүгө келишимдин түп нускасы жана салык төлөөчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү. Келишимдин көчүрмөсү салык кызматынын органында калат, түп нускасы салык төлөөчүгө кайтарып берилет. Маркалануучу алкоголдук продукция жеткирилген учурда инвойстордун жана келишимдердин көчүрмөлөрү салык кызматынын органдары тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет;
- маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго анын так реквизиттерин толук көрсөтүү менен акциздик маркаларды жөнөтүү өтүнүчү менен кат.
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттогон салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына депозиттик төлөмдүн салынгандыгы жөнүндө квитанциянын көчүрмөсүн жана түп нускасын, ошондой эле акциздик маркаларды максаттуу колдонуу жөнүндө милдеттенмени берет.
Импорттолуучу маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча 3 нускада ыйгарым укуктуу банк тарабынан түзүлөт. Акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банк тарабынан салык төлөөчүгө чечимде көрсөтүлгөн акциздик маркалардын катар номерлерине ылайык берилет. Салык кызматынын органынын чечиминин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - салык төлөөчүдө, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат. Импорттолуучу маркалануучу алкоголдук продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечимдин көчүрмөсү салык кызматынын органдары тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Ошол эле учурда салык төлөөчүлөр алынган акциздик маркалардын номерлеринин диапазонун салык органынын чечиминде көрсөтүлгөн номерлердин диапазону менен кайра эсептөөнү жана салыштырып текшерүүнү жүргүзөт.
Салык кызматынын органдары мурда берилген банктык кепилдик боюнча акциз салыгын төлөө боюнча өндүрүүчүлөрдүн жана импорттоочулардын милдеттенмелеринин аткарылышын эсепке алууну жана контролдоону жүргүзөт.
Салык кызматынын органдары берилген банктык кепилдиктердин эсебин жүргүзөт.
Салык төлөөчү акциз салыгын белгиленген мөөнөттөрдө төлөбөгөн учурда салык кызматынын органдары банктык кепилдиктин аткарылышын контролдоого милдеттүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомдорунун редакциясына ылайык)
20. Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү тууралуу чечим 2 нускада түзүлөт: салык кызматынын органынын чечиминин биринчи нускасы салык кызматынын органында, экинчиси - салык төлөөчүдө калат. Ошол эле учурда ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго акциздик маркалардын тиешелүү партиясы жөнөтүлгөндүгү тууралуу акциздик маркаларды өндүрүүчү компанияга заказ кат жөнөтүлөт.
Акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүүдө акциздик маркаларды сатып алуу датасы болуп ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү тууралуу чечимди кабыл алынган дата саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Чоң идиштерге куюлган алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн акциздик маркаларды сатып алууга арыздарды тариздөөдө салык төлөөчү акциз салыгы төлөнгөндүгүн же банктык кепилдикти жана акциздик маркалардын номиналдык наркын ырастоону берет. Салык кызматынын органдары маркаланууга тийиш болгон продукциянын көлөмүн жана акциздик маркалардын номиналдык наркы төлөнгөндүгүн ырастагандан кийин салык кызматынын органы этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына кийин билдирүү менен акциздик маркаларды берүү тууралуу чечим кабыл алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомдорунун редакциясына ылайык)
22. Ыйгарым укуктуу банк тарабынан импорттолгон маркалануучу продукцияга акциздик маркаларды берүү жөнүндө чечим, акциздик маркаларды чет өлкөдө маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводго жөнөтүү тууралуу чечим ушул Жобонун 19-пунктунда каралган документтерди салык төлөөчү тапшырган күндөн тартып 3 иш күндүн ичинде салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
23. Эгерде акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсебин тариздөө учурунда ыйгарым укуктуу банкта зарыл болгон типтеги же сыйымдуулуктагы акциздик маркалар жок болсо же талап кылынган акциздик маркалар акциздик маркаларды өндүрүүгө заказда көрсөтүлбөсө, анда акциздик маркаларды сатып алуу учурунда акциз салыгынын иш жүзүндөгү суммасын төлөө же банктык кепилдикти берүү шарты менен ыйгарым укуктуу банкта болгон акциздик маркаларды сатууга болот. Бул үчүн ыйгарым укуктуу салык органы маркалануучу продукцияны болгон акциздик маркалар менен белгилөөгө маркалануучу продукциянын тибин, сыйымдуулугун жана аталышын көрсөтүү менен жазуу жүзүндөгү уруксатты салык төлөөчүгө - акциздик маркаларды сатып алуучуга, ыйгарым укуктуу банкка, салык төлөөчүнүн - акциздик маркаларды сатып алуучунун салыктык катталган жери боюнча салык кызматынын органына, бажы иши, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомдорунун редакциясына ылайык)
24. Салык кызматынын органдары маркалануучу продукцияны өндүрүүчү же импорттоочу салык төлөөчү тарабынан акциздик салыкты эсептөө үчүн эсептердин жана башка документтердин берилишин контролдойт.
3. Акциздик маркаларды эсепке алуу жана сактоо тартиби
25. Акциздик маркалар мамлекеттик атайын бланктар болуп саналат.
26. Акциздик маркалар кагаздарда даярдалат, акциздик продукциянын түрүнө жараша тиешелүү формалары жана өлчөмдөрү, бир же бир нече коргоочу элементтери, аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү, катар номери, электрондук-маалыматтык элементи жана продукциянын түрүн жана колдонулуучу идиштин диапазонун аныктоочу сериясы болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Акциздик маркалардын сакталышын камсыз кылуу максатында салык төлөөчү атайын жайды бөлүүгө же аларды күйбөй турган ящиктерде (сейфтерде) сактоого милдеттүү.
28. Акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банкта блокадаланган атайын эсепке төлөнгөн номиналдык наркы боюнча ишкананын кампасында кириштелет, мында ага акциздик маркаларды ташуу боюнча чыгымдар киргизилбейт.
29. Акциздик маркаларды колдонгон ишканаларда жетекчинин буйругу менен акциздик маркалардын сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамы дайындалат. Кызмат адамы продукцияны белгилөө үчүн акциздик маркаларды кол койдуруу менен берет жана жөнөтүлгөн продукциянын жана акциздик маркалардын тибин, сыйымдуулугун, аталышын, номерлерин жана аларды алуучунун аты-жөнүн жазуу менен берилген маркалардын эсебин жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Салык кызматынын органдары өндүрүүчү ишканаларда акциздик маркаларды эсептен туура чыгарууну туруктуу контролдоого (бул үчүн зарыл учурда болгон акциздик маркаларды инвентаризациялайт), жокко чыгарылган акциздик маркалардын санын бөтөлкөдөгү же башка идиштеги алкоголдук ичимдиктердин жана пачкалардагы тамеки буюмдарынын өндүрүлгөн жана сатылган продукциясынын саны менен салыштырууга милдеттүү.
4. Чаптоо процессинде пайдаланылбаган жана бузулган акциздик маркаларды кайтарып берүү
31. Маркалануучу продукцияны өндүрүү/импорттоо токтотулган учурда өндүрүүчү/импорттоочу колдонулбаган бардык акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
Колдонулбаган акциздик маркаларды кайтарып берүү жол-жоболорун жүргүзүү үчүн маркалануучу продукцияны өндүрүүчү/импорттоочу акциздик маркаларды алган жери боюнча салык кызматынын органына төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү:
- акциздик маркаларды кайтарып берүүнүн себептерин көрсөтүү менен жана кийин акциздик маркаларды сатып алууда төлөнгөн акциз салыгын кайрадан пайдаланууга уруксат берүү өтүнүчү менен жазуу жүзүндөгү арызды;
- маркалануучу продукциянын түрүн аныктоочу серияларды, кайтарып берилүүчү акциздик маркалардын сыйымдуулуктарын жана катар номерлерин көрсөтүү менен кагаздагы жана электрондук түрдөгү реестрди;
- акциздик маркаларды берүү тууралуу чечимдин нускасын.
Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерүүнү жүргүзөт жана ыйгарым укуктуу банкка акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө 3 нускада түзүлүүчү чечимди кабыл алат. Акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - акциздик маркаларды сатып алуучуда, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
32. Пайдаланылбаган акциздик маркалардын номиналдык наркын кайтарып берүү, импорттолуучу тамеки заттары үчүн акциздик маркаларды кошпогондо, салык кызматынын тийиштүү органы менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу банк тарабынан бир жумалык мөөнөттө жүргүзүлөт.
Импорттолуучу тамеки заттары үчүн пайдаланылбаган акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банк жок кылуу үчүн гана кабыл алат. Ошол эле учурда акциздик маркалардын номиналдык наркы кайтарылып берилбейт, ал эми акциз салыгынын суммасы ашыкча төлөнгөн катары эсептелет, ал продукциянын тиешелүү түрүнүн акциздик маркаларын кийин алууда акциз салыгын төлөө үчүн гана колдонулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Маркалануучу продукцияны өндүрүүчү заводдо чаптоо процессинде акциздик маркалар бузулган учурда бузулуунун себептерин, бузулган акциздик маркалардын санын жана типтерин көрсөтүү менен акт түзүлөт. Өндүрүүчү/импорттоочу бузулган акциздик маркаларды ыйгарым укуктуу банкка кайтарып берүүгө милдеттүү.
Кайтарып берүү жол-жобосун жүргүзүү үчүн өндүрүүчү/импорттоочу акциздик маркаларды алган жери боюнча салык кызматынын органына төмөнкүдөй документтерди берүүгө милдеттүү:
- акциздик маркалардын бузулганы жөнүндө актыны;
- маркалануучу продукциянын түрүн аныктоочу серияларды, кайтарып берилүүчү акциздик маркалардын сыйымдуулуктарын жана катар номерлерин көрсөтүү менен кагаздагы жана электрондук түрдөгү реестрди.
Салык кызматынын органы бир айлык мөөнөттө жогоруда аталган документтерди текшерип, ыйгарым укуктуу банкка салык кызматынын органга бекиткен форма боюнча 3 нускада түзүлүүчү бузулган акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө чечимди кабыл алат. Акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө чечимдин биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - салык төлөөчүдө, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат. Алкоголдук продукцияга бузулган акциздик маркаларды кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда бул чечимдин көчүрмөсү салык кызматы органы тарабынан этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Продукциянын түрүн, сыйымдуулугун аныктоочу сериялары, баалардын диапазону жана катар номерлери көзгө толук көрүнбөгөн жана электрондук-маалыматтык элементи идентификацияланбаган акциздик маркалар ыйгарым укуктуу банкка кайтарылып берилбейт.
Акциздик маркалар бузулганда ыйгарым укуктуу банк кабыл алган акциздик жыйымдын бузулган маркалары жок кылуу актысына ылайык комиссиялык түрдө жок кылынган учурда акциз төлөнбөйт. Бузулган маркалардын ордуна акциздик маркалардын номиналдык наркы төлөнгөн шартта бузулган маркалардын акциз салыгынын суммасына акциз салыгын кайрадан төлөбөстөн жаңы акциздик маркалар берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомдорунун редакциясына ылайык)
34. Маркалануучу продукцияны белгилөө үчүн жараксыз акциздик маркалар салык кызматынын тиешелүү органынын жана өндүрүүчүнүн/импорттоочунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ыйгарым укуктуу банк тарабынан комиссиялык түрдө жок кылынууга тийиш.
35. Ыйгарым укуктуу банк колдонулбаган акциздик маркаларды кабыл алгандан жана/же маркалануучу продукцияны белгилөө үчүн жараксыз акциздик маркалар комиссиялык түрдө жок кылынгандан кийин ушундай акциздик маркалар боюнча төлөнгөн акциз салыгынын суммасы салык кызматынын органдары/бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ашыкча төлөнгөн катары эсептелет, ал продукциянын тиешелүү түрүнүн акциздик маркаларын алуу үчүн гана колдонулушу мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
36. Өндүрүлгөн акциздик товарлар бузулган же жоголгон учурда акциз толук өлчөмдө төлөнөт жана/же кайтарып берилбейт, буга ал жеткис күчтүн натыйжасында келип чыккан учурлар кирбейт. Акциздик маркалар жоголгон учурда акциздик маркаларды сатып алганга чейин же сатып алып жаткан учурда төлөнгөн акциз кайтарып берилбейт, буга ал жеткис күчтүн натыйжасында келип чыккан учурлар кирбейт. Алкоголь продукциясын белгилөөгө арналган, жоголгон акциздик маркалар боюнча акцизди эсептөө акциздик жыйым маркасында көрсөтүлгөн сыйымдуулукка ылайык максимумдук жол берилген көлөмгө карата колдонулуучу белгиленген ставкаларга жараша жүргүзүлөт.
37. Өндүрүштүк брак табылган учурда салык төлөөчү жетекчинин, башкы бухгалтердин жана акциздик маркалардын сакталышына жооптуу адамдын катышуусунда брак болгон акциздик маркалардын табылгандыгы жөнүндө актты түзөт, акциздик маркалардын тибин жана номерин, кутунун номерин көрсөтөт, ошондой эле табылган бракталган маркаларды сүрөткө тартат. Андан ары салык төлөөчү салык кызматынын органына бракталган маркалардын табылгандыгы жөнүндө актыны, акциздик маркаларды сатып алууда төлөнгөн акча каражаттарынын квитанциясынын көчүрмөсүн жана бракталган маркалардын фотосүрөтүн берет. Салык кызматынын органы материалды андан ары иликтөө үчүн акциздик марканы өндүрүүчү компанияга берүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органына бир жумалык мөөнөттө өткөрүп берет. Өндүрүүчү компания брактын болушун ырастаган учурда, салык төлөөчү акциздик салыкты жана номиналдык наркын төлөбөстөн бракталган маркалардын ордуна акциздик маркаларды алууга укуктуу.
5. Акциздик товарларды маркалоону контролдоо
38. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагынан өндүрүлүүчү жана импорттолуучу продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагында акциздик жыйымдын маркасы менен маркалоо салыктык контролдоо астында, үчүнчү өлкөлөрдүн аймагынан – бажылык контролдоо астында (анын ичинде бажы кампасынын, бажы терминалынын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилүүчү реестрге киргизилген убактылуу сактоо кампаларынын аймагында) жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 17-февралындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)
39. Соода тармагында (чекене жана дүң) болгон маркалануучу продукцияда акциздик маркалардын болушун жана алардын түп нускалуу экенин салык кызматынын органдары контролдошот.
40. Кыргыз Республикасынын аймагында маркаланбаган акциздик продукцияны өндүрүүчү, импорттоочу же сатуучу уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
41. Ыйгарым укуктуу салык органы ай сайын, отчеттук айдын 10уна карата, импорттолуучу алкоголдук жана тамеки продукциясына берилген акциздик жыйымдын маркалары жөнүндө маалыматты, ошондой эле импорттолуучу тамеки заттарына минимумдук чекене баа тууралуу маалыматты бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 632 токтомунун редакциясына ылайык)
42. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ай сайын отчеттук айдын 10уна карата ыйгарым укуктуу салык органына жана этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга акциздик товарлардын экспорту-импорту жөнүндө маалыматтарды берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 632 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
____________________________________________________________________________________ (Салык кызматынын органынын aталышы)
20___-жылдын "___" ___________ № _____ акциздик маркаларды сатып алууга АРЫЗ-ЭСЕБИ (салык органы тарабынан толтурулат)
Салык төлөөчүнүн аталышы |
|
Юридикалык дареги жана телефону |
|
ИСН |
|
№ | Акциздик маркалануучу продукциянын түрү | Марканын тиби | Сыйымдуулугу (маркада) | Идиштин сыйымдуулугу | Сатып алынуучу акциздик маркалардын саны | Салык салынуучу көлөм | Этил спиртинин курамы/күчтүүлүгү (алкоголдук ичимдиктер үчүн) | Этил спиртинин камтуусуна/күчтүүлүгүнө жараша акциздик салыктын ставкасы (алкоголдук ичимдиктер үчүн) (сом) | Акциздик салыктын суммасы (сом) | Акциздик маркалардын номиналдуу наркы (сом) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Акциздик салык № ______ эсепке 20___-жылдын "___" _________ № _______ төлөм документине ылайык _____________________________________ сом суммасында төлөндү.
(жазуу жүзүндө)
Марканын номиналдык наркы № ____________ эсепке 20___-жылдын "___" ___________ төлөм документине ылайык _____________________________________ сом суммасында төлөндү.
(жазуу жүзүндө)
М.О. | Уюмдун жетекчиси: | _______________________________________________ |
|
| (колу) |
| Башкы бухгалтер: | _______________________________________________ |
|
| (колу) |
(*) маркалардын типтери: A - арак; C - коньяк; L - ликер-арак ичимдиктери; V - шарап; S - шампан; E - чыпкалуу сигареттер; F - чыпкасыз сигареттер.
|
| Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
___________________________________________________________________________ (Салык кызматынын органынын аталышы)
Акциздик маркаларды сатып алууга арыз-эсебине акциздик буюмдарды ӨЗГӨЧӨЛӨӨ 20___-жылдын "__" _____________ № _____
Салык төлөөчүнүн аталышы |
|
Юридикалык дареги жана телефону |
|
ИСН |
|
№ | Акциздик продукциянын түрү | Акциздик продукциянын маркасы (аталышы) | Идиштин сыйымдуулугу. Тамеки буюмдарынын түрү | Сатып алынуучу акциздик маркалардын саны |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Уюмдун жетекчиси: | ________________________________________ | ____________________________ |
| (аты-жөнү) | колу |
М.О. |
|
|