Загрузка документа…
| ||
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-майындагы ПЖ N 149 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши (мындан ары - Кеңеш) расмий статистиканы стратегиялык өнүктүрүү маселелери боюнча консультативдик кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Кеңештин негизги максаты расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр үчүн стратегиялык мүнөздөгү сунуштамаларды иштеп чыгуу болуп саналат.
3. Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Кеңештин функциялары жана ыйгарым укуктары
4. Кеңештин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) расмий статистиканы стратегиялык өнүктүрүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине (мындан ары - Улутстатком) киргизүү;
2) статистикалык программаларга коомдун биринчи кезектеги маалыматтык муктаждыктарын киргизүү боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
3) статистикалык программалардын аткарылышын баалоо жана расмий статистиканы стратегиялык өнүктүрүү боюнча ишке мониторинг жүргүзүү;
4) расмий статистиканын бардык жүргүзүүчүлөрү тарабынан "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тийиштүү жоболорунун сакталышына мониторинг жүргүзүү;
5) улуттук статистика системасынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга көмөктөшүү;
6) улуттук статистика системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү.
5. Кеңеш өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
1) статистикалык программалардан долбоорлорун талкуулоого катышууга жана алардын ишке ашырылышы жөнүндө отчетторду угууга;
2) жеке демилгеси боюнча, Улутстаткомдун же расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн сунушу боюнча расмий статистиканын негиз болуучу принциптерине анын продуктуларынын ылайык келиши маселелерин талкуулоого;
3) статистикалык максаттарда пайдалануу үчүн административдик маалыматтардын булактарына жетүү көйгөйлөрүн чечүүдө расмий статистиканы жүргүзүүчүлөргө көмөктөшүүгө;
4) санариптештирүү шарттарында маалыматтардын архитектурасын, бирдиктүү стандарттарды, классификацияны жана терминологияны камтыган маалыматтарды башкаруу системасын түзүүдө Улутстаткомго көмөктөшүүгө;
5) расмий статистиканын релеванттүүлүгүн (шайкештик деңгээлин) жогорулатуу жана улуттук статистика системасынын ишинин ачык-айкындуулук принциптерин колдоо максатында статистикалык маалыматтардын сапатына жана статистиканын белгилүү бир тармактарына, Улутстаткомдун ишинин же түзүмдүк бөлүмдөрүнүн багыттарына карата расмий статистиканын негиз болуучу принциптерине алардын шайкеш келүүсүнө көз карандысыз тышкы баалоолорду жүргүзүүнү демилгелөөгө;
6) жыйналыштарында Кыргыз Республикасынын статистика жаатындагы мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн угууга;
7) Кеңештин милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдарды мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан мыйзамдарда белгиленген тартипте суроого жана алууга.
6. Кеңеш жыл сайын Улутстаткомдун расмий сайтына өзүнүн иши жөнүндө коомдук отчет берип турат.
3. Кеңештин курамы жана түзүү тартиби
7. Кеңештин курамы Улутстаткомдун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан беш жылдык мөөнөткө бекитилет.
8. Кеңеш он беш мүчөдөн турат. Кеңештин курамына кызмат орду боюнча Улутстаткомдун төрагасы кирет.
Кеңештин калган мүчөлөрү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрүнөн, расмий статистиканы пайдалануучулардын жана жарандык коомдун ар түрдүү категорияларынан дайындалат.
Мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү Кеңештин көпчүлүгүн түзбөөгө тийиш.
4. Кеңештин ишин уюштуруу
9. Кеңештин ишинин негизи формасы болуп зарыл болгондо аралыктагы режимде өткөрүлүүчү жыйналыштар саналат.
10. Кеңеш ушул Жобо менен жөнгө салынбаган бардык маселелер боюнча өз ишинин регламентин бекитет.
11. Кеңеш төраганы шайлайт, ал мамлекеттик бийлик органдарынын курамынан тышкары колдонуучулар коомчулугунун өкүлү болуп саналат.
12. Кеңештин төрагасы анын ишин жетектейт, Кеңештин жыйналыштарында төрагалык кылат, ишти пландайт, чечимдердин ишке ашырылышына жалпы контролду жүргүзөт. Төрага жок учурда анын милдеттерин Кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.
13. Кеңештин жыйналышы төрага тарабынан зарылдыгына жараша жылына экиден кем эмес чакырылат. Кеңештин жыйналышы Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышкан шартта мыйзамдуу болуп саналат.
14. Кеңештин чечимдери жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, Кеңештин жыйналыштары протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы кол коет. Добуштар тең чыккан учурда, төрага добушун берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
15. Кеңештин катчылыгынын функциялары Улутстаткомго жүктөлөт.
16. Кеңештин ишин уюштуруу расмий статистиканы өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө эл аралык уюмдар тарабынан бөлүнгөн гранттардын жана техникалык жардам каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.