Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 11-майы ПЖ № 149
Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө
(КР Президентинин 2025-жылдын 20-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Улуттук статистика системасынын натыйжалуу иштешин, анын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында, "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин курамы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы № 54 "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 8-февралындагы № 28 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-августундагы № 185 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 7-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңеши жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| С.Н. Жапаров |
2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин КУРАМЫ
(КР Президентинин 2025-жылдын 20-январындагы ПЖ № 6 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кудайбергенов Бактыбек Жапарович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы; |
Кыштобаева Гульмира Алимбековна | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары; |
Масабиров Талайбек Айтмаматович | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Сейитов Чоро Сейитович | - | Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары; |
Козубеков Азат Айбекович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары; |
Муканбетов Санжар Турдукожоевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору; |
Тогусаков Осмон Асанкулович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө- корреспонденти, академик; |
Нусувалиев Максат Орозбекович | - | Токмок шаарынын мэри; |
Кудабаев Зарылбек Исалыевич | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору (макулдашуу боюнча); |
Третьякова Татьяна Алексеевна | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук мониторинг жана баалоо тармагынын координатору (макулдашуу боюнча); |
Добрецова Надежда Николаевна | - | "Өнүктүрүү саясат институту" коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сыдыков Аскар Куттубекович | - | Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Кочкорбаева Зульфия Ирисовна | - | "Социалдык технологиялар агенттиги" коомдук бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); |
Ким Татьяна Михайловна | - | "Кыргыз Республикасынын Салык консультанттар палатасы" кесиптик коомдук бирикмесинин башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Сагинбаева Алина Уларбековна | - | "АКИпресс" маалымат агенттигинин башкы директору (макулдашуу боюнча). |