КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 18-майы ПЖ № 155
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 63, 2024-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 311 Жарлыктарынын
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишин регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүдөй чектик штаттык сан белгиленсин:
- 143 бирдик санында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын;
- 2394 бирдик санында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын.
(КР Президентинин 2024-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 63 , 2024-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 311 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-майындагы № 186 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |