Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 17-августундагы № 295 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы ПЖ № 155 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасы жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 351, 2023-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 291, 2024-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 63, 2024-жылдын 29-июлундагы ПЖ № 209, 2024-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ № 329, 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104, 2025-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 193, 2025-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 299 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (мындан ары - Иш башкармасы) Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген жана отчет берген мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Иш башкармасы өз компетенциясынын чегинде, мыйзамдарда белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн ишин камсыз кылууну жүзөгө ашырат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы);
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары);
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын (мындан ары - Жогорку Кеңештин Аппараты).
(КР Президентинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 291, 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
3. Иш башкармасы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана тескемелерине, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
4. Иш башкармасы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, банктарда жана башка финансылык мекемелердеги эсептерине (анын ичинде эсептик), ага бекитилип берилген мүлккө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы жазылган мөөргө жана штамптарга, белгиленген үлгүдөгү бланктарга ээ.
5. Иш башкармасынын чектик штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.
6. Иш башкармасынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу (мындан ары - иш башкаруучу) тарабынан бекитилет.
(КР Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 351 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Иш башкармасынын мамлекеттик ишкананын жана мекеменин уюштуруу-укуктук формаларындагы ведомстволук уюмдары (мындан ары - ведомстволук уюмдар) бар.
8. Иш башкармасы өз ишин мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлигинин мамлекеттик органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, эл аралык жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат.
Иш башкармасы белгиленген компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат жана мамлекеттик ипотекалык турак жайга кредит берүү чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашырат.
Иш башкармасы калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
Иш башкармасы автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо, транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди даярдоо жана цифралардын жана/же тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди, ошондой эле автотранспорт каражаттарына ысымдуу номердик белгилерди сатуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 351, 2024-жылдын 29-июлундагы ПЖ № 209, 2025-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 299 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
9. Иш башкармасынын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы;
- расмий тилде: Управление делами Президента Кыргызской Республики.
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: КРПИБ;
- расмий тилде: УДПКР.
10. Юридикалык дареги: 720016, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти, 301.
(КР Президентинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы ПЖ № 329 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Иш башкармасынын негизги милдеттери,
функциялары жана укуктары
11. Иш башкармасынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричилик, санаториялык-курорттук жана медициналык жактан камсыз кылуу;
2) Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричилик жана медициналык жактан камсыз кылуу;
3) Президенттин Администрациясынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жана транспорттук жактан камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чараларды, ошондой эле Президенттин Администрациясы тарабынан өткөрүлүүчү кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды финансылык, материалдык-техникалык жана башка жактан камсыз кылуу;
5) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдар тарабынан пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды, объекттерди, жайларды жана жабдууларды эксплуатациялык-техникалык жактан тейлөөнү, ошондой эле көрсөтүлгөн имараттарды, объекттерди жана жайларды, жабдууларды талаптагыдай абалда күтүүнү камсыз кылуу;
6) Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилген мамлекеттик администрациялык имараттарды, объекттерди жана жайларды эсепке алууну жана эксплуатациялык-техникалык жактан тейлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле көрсөтүлгөн имараттарды, объекттерди жана жайларды сарамжалдуу пайдаланууга контролду жүзөгө ашыруу;
7) Мамлекеттик компьютердик тармакты программалык жана техникалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле алардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу;
8) материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну Иш башкармасы ишке ашырган мамлекеттик органдардын, анын ичинде ведомстволук уюмдардын мамлекеттик администрациялык имараттарын, социалдык-тиричилик багытындагы объекттерин, ден соолукту чыңдоо мекемелерин жана башка объекттерин курууну, реконструкциялоону жана оңдоону уюштуруу;
9) Кыргыз Республикасында жайгашкан жана өзүнүн ишин жүргүзгөн чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын (алардын өкүлчүлүктөрүнүн) талаптагыдай иштеши үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүү менен байланышкан маселелердин комплексин чечүү жана чараларды жүзөгө ашыруу;
10) чет өлкөлөрдө жайгашкан жана өзүнүн ишин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин ишин тейлөө жана камсыз кылуу.
Чет өлкөлөрдө жайгашкан жана өзүнүн ишин жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасында жайгашкан чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, эл аралык уюмдардын (алардын өкүлчүлүктөрүнүн) ишин камсыз кылуу менен байланышкан милдеттерди Иш башкармасы тиешелүү ведомстволук уюм аркылуу жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 351, 2023-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 291, 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
12. Иш башкармасы төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президенттин Администрациясынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу максатында ведомстволук уюмдардын ишин уюштурат;
2) Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын катышуусу менен өткөрүлүүчү протоколдук иш-чараларды жана мамлекеттик деңгээлдеги кабыл алууларды финансылык, материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөөнү жүзөгө ашырат;
3) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын, ошондой эле ведомстволук уюмдардын чыгымдарынын сметаларын пландайт, иштеп чыгат жана бекитүүгө берет;
4) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын чыгымдарын оперативдүү, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну, ошондой эле алардын чыгымдар сметасынын аткарылышына контролду жүзөгө ашырат;
5) бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү боюнча усулдук жетекчиликти ишке ашырат, ведомстволук уюмдардын эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук абалын координациялайт;
6) ведомстволук уюмдардын ишин координациялайт, ведомстволук уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча зарыл болгон чараларды көрөт, алардын ишинин натыйжаларын талдайт, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоосуна, анын ичинде ревизияларды жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен контролду жүзөгө ашырат;
7) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдарды Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилген мамлекеттик административдик имараттарга, объекттерге жана жайларга жайгаштырат;
8) өз чечимдери менен мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды министрликтердин жана ведомстволордун сунуштарын эске алып, Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик имараттарга жана жайларга жайгаштырат;
9) мыйзамда белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды уюштурат;
10) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт каражаттарын эсепке алууну, сатып алууну, бөлүштүрүүнү, эсептен чыгарууну уюштурат;
11) өз чечимдери менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген автотранспорт каражаттарынын лимитинин чегинде мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт каражаттарын оперативдүү башкаруусуна жана чарбалык карамагына борборлоштурулган камсыз кылууну, бөлүштүрүүнү жана өткөрүп берүүнү, ошондой эле мөөнөттүү пайдаланууну уюштурат;
12) ага караштуу ведомстволук санаторийлерге, пансионаттарга, башка ден соолукту чыңдоо мекемелерине жолдомолорду сатууну жана бөлүштүрүүнү камсыз кылат;
13) анын ведомстволук объекттеринде мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнү белгиленген тартипте уюштурат;
14) Кыргыз Республикасына келген жогору даражалуу меймандар жана маанилүү персоналдар үчүн Иш башкармасынын аңчылык чарбаларында аң уулоону уюштурат жана жүргүзөт;
15) Иш башкармасынын компетенциясынын чегинде мамлекеттик, кызматтык жана коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды жана купуя мүнөздөгү маалыматтарды коргоону, ошондой эле мындай маалыматтарды коргоо боюнча ведомстволук уюмдардын ишин контролдоону жана координациялоону камсыз кылат;
16) Иш башкармасынын балансында турган мамлекеттик административдик имараттарды, объекттерди жана жайларды эксплуатациялоо жана күтүү боюнча чарбалык-техникалык кызматтарды түзөт;
17) социалдык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы объекттерди, административдик имараттарды, медициналык жана соода-мейманкана багытындагы жайларды долбоорлоону, курууну жана бузууну уюштурат;
18) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарынын, Президентинин Администрациясынын, Министрлер Кабинетинин жана Иш башкармасынын компьютердик системаларынын программалык-техникалык комплексинин, телекоммуникациялык жана аудио-видео жабдууларынын иштешин камсыз кылат;
19) тейленүүчү органдардын жана адамдардын компьютердик системаларында маалыматтык-техникалык коргоо боюнча иш-чараларды уюштурат;
20) тейленүүчү органдарда маалыматтык технологияларды колдонууну эске алуу менен аларды өнүктүрүүнүн келечектерин изилдөөнү жана болжолдоону уюштурат;
21) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
22) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын мамлекеттик административдик имараттарында, объекттеринде жана жайларында коомдук тамактанууну жана чекене сооданы уюштурат;
23) Иш башкармасынын ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет;
24) чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү жайгаштыруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык кызмат органдарын жайгаштыруу (пайдалануу) үчүн имараттарды/жайларды жана объекттерди куруу, тейлөө, реконструкциялоо, реставрациялоо жана капиталдык оңдоо боюнча жумуштарды, ошондой эле заказчынын жана/же подрядчынын функцияларын аткарат;
25) Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдары жана башка уюмдары менен биргеликте чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдү сервистик тейлөөнү координациялайт;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана тиешелүү чет мамлекеттин мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү курууну, сатып алууну, эксплуатациялоону жана ээликтен ажыратууну уюштурат;
27) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарын жана алардын кызматкерлерин материалдык-техникалык камсыздоону (анын ичинде турак жана турак эмес жайларды тандоо жана/же ижаралоо, автотранспорт каражаттарын сатуу, тейлөө, эсептен чыгаруу жана сатып алуу, жабдууларды сатып алуу ж.у.с.) уюштурат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 351, 2025-жылдын 26-мартындагы ПЖ № 104 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
13. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашырууда Иш башкармасы мыйзамдарда белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча зарыл маалыматты, маалымдама маалыматтарды мамлекеттик органдардан, юридикалык жана жеке жактардан суроого;
2) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын мамлекеттик административдик имараттарында, объекттеринде жана жайларында коомдук тамактанууну уюштурууга;
3) Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын катышуусу менен протоколдук иш-чараларды жана мамлекеттик кабыл алууларды финансылык, материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөөгө;
4) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан Кыргыз Республикасына келүүчү жогорку даражалуу коноктор жана маанилүү адамдар үчүн аңчылык уюштуруу боюнча ар жылдык жана кошумча квоталарды алууга;
5) ведомстволук уюмдарды түзүүгө, кайра уюштурууга жана жоюуга, ошондой эле бул уюмдардын уставдарын, жоболорун, түзүмүн, штаттык ырааттамасын жана штаттык санын бекитүүгө;
6) ведомстволук уюмдар тарабынан өндүрүлүүчү товарлардын, аткарылуучу жумуштардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмегин белгилөөгө жана аныктоого;
7) ведомстволук уюмдардын ишин контролдоого;
8) негизги фонддорду жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Иш башкармасынын балансында жана ведомстволук уюмдардын балансында турган объекттерди реконструкциялоо, куруу жана өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартууга;
9) Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаментинин балансында турган, бир мамлекеттик орган жайгашкан мамлекеттик административдик имараттарды кийин көрсөтүлгөн имараттарды күтүүгө жана эксплуатациялоого контроль жүргүзүү менен пайдаланууга өткөрүп берүүгө;
10) мамлекеттик мүлктү ведомстволук уюмдардын ыкчам башкаруусуна жана чарба жүргүзүүсүнө өткөрүп берүүгө, ага жана анын ведомстволук уюмдарына бекитип берилген мүлктү мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, мамлекеттик мүлк жана ижара чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашпастан өз алдынча ижарага берүүгө, ага жана анын ведомстволук уюмдарына бекитип берилген мамлекеттик мүлктү, анын ичинде ижаралык мамилелер чөйрөсүндө пайдалануу тартибин жана шарттарын өз чечимдери менен аныктоого;
11) кадрларды тандоону жана жайгаштырууну жүзөгө ашырууга, ведомстволук уюмдардын жетекчилерин, алардын орун басарларын жана башкы бухгалтерлерин дайындоо жана ээлеген кызмат орундарынан бошотуу маселелерин чечүүгө;
12) Иш башкармасынын бюджеттик жана бюджеттен тышкары каражаттарынын эсебинен адистерди контракттык негизде ишке тартууга;
13) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин жана Министрлер Кабинетинин актыларын аткаруу үчүн атайын комиссияларды, кеңештерди жана жумушчу топторду түзүүгө;
14) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин жана Министрлер Кабинетинин Иш башкармасынын карамагына таандык болгон чечимдеринин жана тапшырмаларынын тийиштүү мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары тарабынан аткарылуусун контролдоого;
15) өзүндө болгон каражаттарды өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы капиталдык салымдарды каржылоого, ошондой эле чарбалык ишти жүргүзүү үчүн пайдаланууга;
16) ведомстволук уюмдардын кирешелерин Иш башкармасы тарабынан ишке ашырылып жаткан өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы чыгымдарын түздөн-түз каржылоого, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду даярдоого жана ишке ашырууга жумшоого;
17) инвестицияларды тартуу менен турак жайларды, социалдык-тиричилик, өндүрүштүк, медициналык жана соода-мейманкана багытындагы объекттерди, административдик имараттарды жана жайларды, анын ичинде үлүштүк катышуу тартибинде долбоорлоону жана курууну уюштурууга;
18) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн кызмат адамдарынын, Президенттин Администрациясынын, Жогорку Кеңештин Аппаратынын жана Иш башкармасынын кызматкерлеринин турак жай-социалдык шарттарын жакшыртуу менен байланышкан кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана башкаруу боюнча чараларды көрүүгө;
19) финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары боюнча ведомстволук мамлекеттик ишканалардын таза кирешесин толук көлөмдө алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, ошондой эле өнүгүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планды) ишке ашырууга жумшоого;
20) иш башкаруучу жана анын орун басарлары, ошондой эле мамлекеттин жогорку кызмат адамдарын чет өлкөлүк иш сапарларда коштоп жүрүүчү Иш башкармасынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн дипломаттык паспортторду алууга;
21) негизги милдеттерге жетишүү, функцияларды жана ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн кызмат адамдарынын тапшырмаларын аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга;
22) чарбакер коомдордо катышуучу жана акцияларды (үлүштөрдү) кармоочу катары чыгууга.
(КР Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 351, 2024-жылдын 7-мартындагы ПЖ № 63 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
14. Иш башкармасы жана ведомстволук уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт.
3. Иш башкармасынын мүлкү жана каражаттары
15. Иш башкармасынын мүлкү жана каражаттары мамлекеттик менчик болуп саналат, Иш башкармасынын балансында чагылдырылат жана ага бекитилген негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле анын ишинин натыйжасында түзүлүүчү фонддордон турат.
16. Ведомстволук уюмдарга чарба жүргүзүүчү коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына төгүм катары бекитилген негизги фонддорду жана жүгүртүү каражаттарын пайдаланууга, ошондой эле ведомстволук уюмдардын башка жактар менен үлүштүк курулушка катышуусуна Иш башкармасынын уруксаты менен гана жол берилет.
17. Иш башкармасынын финансылык каражаттарынын негизги булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар;
2) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын ишин камсыз кылууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар;
3) атайын каражаттар, белгиленген ченемдерге ылайык ведомстволук уюмдардын кирешелеринен чегерүүлөр;
4) бюджеттен тышкары, демөөрчүлүк жана зайым каражаттары, гранттар, инвестициялар, коммерциялык банктардын жана башка кредиттик мекемелердин кредиттери;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка келип түшүүлөр.
18. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилүүчү Иш башкармасынын атайын эсеби жөнүндө жобого ылайык Иш башкармасы атайын эсепти өзүнүн чарбалык ишинен түшкөн каражаттардын, ведомстволук уюмдардын чегерүүлөрүнүн жана башка келип түшүүлөрдүн эсебинен толтурат, бул каражаттарды Иш башкармасынын, ведомстволук уюмдардын ишин камсыз кылуу, алардын кызматкерлерин социалдык коргоону жана кепилдиктерин камсыз кылуу үчүн, ошондой эле башка максаттарда пайдаланат.
(КР Президентинин 2025-жылдын 26-июнундагы ПЖ № 193 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Иш башкармасынын ишин уюштуруу
19. Иш башкармасын иш башкаруучу жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
20. Иш башкармасында иш башкаруучунун орун басарлары, анын ичинде финансылык документтерге кол коюу укугу бар иш башкаруучунун биринчи орун басары кызмат орундары каралган, алар иш башкаруучунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Иш башкаруучунун жана анын орун басарларынын коомдук башталыштагы кеңешчилери болот, алар иш башкаруучунун тескемеси (буйругу) менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Кеңешчилер ыйгарым укуктарын иш башкаруучу тарабынан бекитиле турган Кеңешчилер жөнүндө жобого ылайык жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 351 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
21. Иш башкаруучу жок болгон учурда анын функцияларын аткаруу иш башкаруучунун биринчи орун басарына, иш башкаруучунун биринчи орун басары жок болгон учурда иш башкаруучунун орун басарына жүктөлөт.
22. Иш башкаруучу:
1) Иш башкармасын жалпы жетектейт жана Иш башкармасына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
2) иш башкаруучунун орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
3) Иш башкармасы жөнүндө жобону, Иш башкармасынын жана анын ведомстволук мекемелеринин чектүү штаттык санын Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө берет;
4) түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын милдеттерин жана иш тартибин аныктайт;
5) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
6) Иш башкармасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат берет;
7) иш башкаруучунун орун басарларын, анын ичинде биринчи орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти сунуштарды киргизет;
8) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарга жана тескемелерге кол коёт, ошондой эле алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
9) Иш башкармасынын кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
10) ведомстволук уюмдардын жетекчилерин жана алардын орун басарларын, башкы бухгалтерлерин алар менен эмгек келишимдерин түзүү жана бузуу жолу менен кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
11) түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жобону бекитет, Иш башкармасынын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
12) ведомстволук уюмдардын уставдарын, жоболорун, түзүмүн, алар үчүн белгиленген чектүү штаттык сандын чегинде штаттык ырааттамасын жана штаттык санын бекитет;
13) Иш башкармасынын ишинин алкагында финансылык тартиптин сакталышын камсыз кылат;
14) мыйзамдарда белгиленген тартипте Иш башкармасынын акча каражаттарын жана мүлкүн тескейт;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык колдо болгон фонддорду пайдалануу маселелерин чечет;
16) Иш башкармасынын балансында турган объекттердин капиталдык курулушуна, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого сметаларды, долбоорлорду, титулдук тизмелерди белгиленген тартипте бекитет;
17) келишимдерди (контракттарды) түзөт, чарбалык, финансылык жана бухгалтердик операцияларды жүргүзөт, аларды аткарууну түзүмдүк бөлүмдөргө жана ведомстволук уюмдарга тапшырат, ишеним каттарды берет;
18) ведомстволук уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечет;
19) ведомстволук уюмдар тарабынан берилүүчү товарлардын, аткарылуучу жумуштардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмегин, ошондой эле товарларга, жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга баалардын (тарифтердин) прейскуранттарын белгиленген тартипте бекитет;
20) Иш башкармасынын коллегиясынын жыйналыштарында төрагалык кылат жана коллегиянын жыйналыштарында кабыл алынган чечимдерге кол коёт;
21) мамлекеттик органдарда, соттордо, эл аралык жана башка уюмдарда Иш башкармасынын атынан чыгат;
22) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенет;
23) Иш башкармасынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматты, документтерди, материалдарды мамлекеттик жана башка органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен сурап алат;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана ведомстволук уюмдардын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерине ардак наамдарды ыйгаруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо тууралуу сунуштарды киргизет, башка сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
25) түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлерине, ведомстволук уюмдардын жетекчилерине, алардын орун басарларына жана ведомстволук уюмдардын башкы бухгалтерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартип жазасын салат;
26) жарандарды кабыл алат, келип түшкөн сын пикирлерди, даттанууларды жана каттарды карап чыгууну жана алар боюнча өз учурунда чараларды көрүүнү камсыз кылат;
27) мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнү расмий тил менен айкалыштырып жүргүзүү, иш кагаздарын жүргүзүүнүн эрежелерин сактоо, архив ишин жүргүзүү, заманбап маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды пайдалануу боюнча чараларды көрөт;
28) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусунда жана Президенттин Администрациясында болгон жыйналыштарга (кеңешмелерге) белгиленген тартипте катышат;
29) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү тартибин, Иш башкармасынын кызматкерлеринин жана ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин эл алдында чыгып сүйлөө эрежелерин, кызматтык пайдалануу үчүн арналган маалыматты берүү тартибин аныктайт;
30) Иш башкармасы тарабынан иштелип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна виза коёт, алардын негиздеме-маалымкаттарына кол коёт, ошондой эле Иш башкармасына тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан макулдашууга киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна кол коёт;
31) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Иш башкармасынын компетенциясына кирген башка функцияларды ишке ашырат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 351 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
23. Иш башкармасында коллегия түзүлөт, анын курамы иш башкаруучунун чечими менен бекитилет.
24. Иш башкармасынын коллегиясынын курамына иш башкаруучу (коллегиянын төрагасы), иш башкаруучунун орун басарлары жана Иш башкармасынын башка кызматкерлери кирет. Коллегиянын курамына ведомстволук уюмдардын жетекчилери да кириши мүмкүн.
25. Иш башкармасынын коллегиясы жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
5. Иш башкармасын кайра уюштуруу жана жоюу
26. Иш башкармасын кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алат.