Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 24-майы № 272-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында ушул жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Ушул жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлин баалоо методикасы (мындан ары - Методика) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча):
- ушул жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын ишке ашырууда Методиканы жетекчиликке алсын;
- квартал сайын, кийинки кварталдын 5инен кечиктирбестен, Методикага ылайык ушул жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планынын аткарылышын баалоонун натыйжалары жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмү ушул жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планынын аткарылышына квартал сайын баалоо жүргүзүп турсун.
4. Ушул жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планынын аткарылышын баалоонун натыйжалары жөнүндө сапаттуу жана өз убагында отчетту берип турууга Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилиги белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |