Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-майындагы № 272-т тескемесине) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлин БААЛОО МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Методика аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруусунун деңгээлине баалоо жүргүзүүнүн тартибин белгилейт.
2. Баалоо объекти болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга кошкон салымы боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын иши саналат.
3. Баалоо предмети болуп 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча ушул жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планында белгиленген натыйжаларга жетишүүнүн деңгээли саналат.
4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоо иштин бекитилген багыттарын эске алуу менен объективдүү жана текшерилүүгө тийиш болгон маалыматка негизденет.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлин баалоо методикасынын максаты мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишинин натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү болуп саналат.
6. Баалоонун натыйжалары мамлекеттик органдын алдына коюлган милдеттерге жетишүүнүн учурдагы натыйжаларына талдоо жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.
2. Баалоо жүргүзүүнү уюштуруу
7. Баалоо жүргүзүү төмөнкүдөй этаптарды камтыйт:
1) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан чараларды аткаруунун индикаторлорунун пландык маанилерин/күтүлгөн натыйжасын аныктоо.
Пландык индикаторлор/күтүлгөн натыйжа болуп 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча ушул жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планынын көрсөткүчтөрү жана индикаторлору эсептелет, алардын милдеттерин чечүү жана чараларын аткаруу үчүн мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жооптуу аткаруучу жана тең аткаруучу болот;
2) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан чараларды аткаруунун индикаторлорун/күтүлгөн натыйжасына жетишүүнүн иш жүзүндөгү маанилерин аныктоо;
3) аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун бир түрдөгү формаларын даярдоо (1 жана 2-таблицалар).
3. Баалоо көрсөткүчтөрүнө эсептөө жүргүзүү
8. 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча ушул жылга "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээли (%)" жалпыланган индикаторун эсептөө үчүн 1-таблица колдонулат.
1-таблица
2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашырууга аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын салымын баалоонун көрсөткүчтөрүнө эсептөө жүргүзүү үчүн баштапкы маалыматтар
№ | Чаранын аталышы | Индикатордун/күтүлүүчү натыйжанын пландык мааниси | Индикатордун/күтүлүүчү натыйжанын иш жүзүндөгү мааниси | Чара аткарылды же аткарылган жок | КР Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээли, % |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
| |
… |
|
|
|
| |
n |
|
|
|
|
Чаралардын аталыштары жана индикаторлордун/күтүлүүчү натыйжалардын пландык маанилери 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча ушул жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планынын көрсөткүчтөрүнүн негизинде түзүлөт.
1-таблицада мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары ишке ашырууда жооптуу аткаруучулар жана тең аткаруучулар катары көрсөтүлгөн чараларды чагылдырат.
Жооптуу аткаруучулар жана тең аткаруучулар ар бир жамааттык чаранын индикаторуна/күтүлгөн натыйжасына толук жетишүү үчүн бирдей жоопкерчилик тартат. Ошондуктан жамааттык чаранын аткарылышы же аткарылбай жатышы тең аткаруучу ар бир мамлекеттик органды баалоодо эске алынат.
9. 1-таблицаны толтурууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээли аткарылган чаралардын санын чаралардын жалпы санына бөлүү жолу менен эсептелет:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээли = (аткарылган чаралардын саны/чаралардын жалпы саны) * 100%.
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээли" көрсөткүчүнүн мааниси 0дөн 100%га чейин болот.
Индикаторго/күтүлгөн натыйжага толук жетишкен учурда чара "аткарылды" деп эсептелет.
4. Алынган бааларды квалификациялоо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлине ылайык аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын аткаруусунун деңгээлинин сандык маанисин жана алынган бааларды квалификациялоо 2-таблицага ылайык киргизилет.
2-таблица
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлинин сандык мааниси жана баалардын квалификациясы
КР Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлинин сандык мааниси | Баалоонун квалификациясы |
85-100% | A (Мыкты), аткарылды - күтүлгөн натыйжа жетишилди |
70-84% | B (Жакшы), олуттуу деңгээлде аткарылды - олуттуу эмес кемчиликтер бар |
55-69% | C (Канааттандырарлык), жарым-жартылай аткарылды - орточо кемчиликтери бар |
55%дан аз | D (Канааттандырарлык эмес), аткарылган эмес - орчундуу кемчиликтери бар |