Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 31-майы ПЖ № 169
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 16-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 31-майы ПЖ № 169
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 175 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренеcине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 175 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- (абзац Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 175 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)