Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 31-майы ПЖ № 169
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 175 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өтөө механизмдерин өркүндөтүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренеcине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 175 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- (абзац Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 175 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 18-майындагы № 175 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |