Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 15-июну ПЖ № 193
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-октябрындагы № 472 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясын кайра уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык расписаниесинде:
- 11-пунктунда:
биринчи абзацындагы "91" деген цифралар "85" деген цифралар менен алмаштырылсын;
он үчүнчү абзацындагы "13" деген цифралар "7" деген цифра менен алмаштырылсын;
он сегизинчи-жыйырманчы абзацтары алып салынсын;
жыйырма экинчи абзацындагы "Бөлүм башчысы" деген сөздөр "Бөлүм башчысы - башкармалыктын начальнигинин орун басары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунда:
биринчи абзацындагы "55" деген цифралар "61" деген цифралар менен алмаштырылсын;
үчүнчү абзацындагы "17" деген цифралар "23" деген цифралар менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы онунчу-он экинчи абзацтар менен толукталсын:
"
| Кадрдык иштер сектору | 6 |
| Сектор башчысы | 1 |
| Эксперт | 5 |
".
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |