Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-майы №5/3
Кара-Суу айыл аймагында жаз, жай, күз айларында малдын көчүп конуусу боюнча ички тартип эрежелери боюнча 26.04.2018-жылдагы №3\2 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин 5-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 26.04.2018-жылдагы № 3\2 токтому менен бекитилген Кара-Суу айыл аймагында «Жаз, жай, күз айларында малдын көчүп конуусу боюнча ички тартип тууралуу» Эрежесинин 4.5-бөлүмүндөгү жайлоого көчүү 1-июнга деген сөз, 20-июнга алмаштырылсын.1-тиркеме тиркелет.
2. Бул токтом жарыялангандан тартып күчүнө кирет. Аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Иманкулов |
1-тиркеме
Кара-Суу айыл аймагындагы «Жаз, жай, күз айларында малдын көчүп-конуусу боюнча ички тартип тууралуу» Эреже
Учурдагы кабыл алынып жаткан эреже КРнын «Административдик жоопкерчилик жөнүндө» Кодексине, КРнын «Ветеринария жөнүндө», КРнын «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруу жөнүндө», КРнын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамдарына ылайык кабыл алынып, Кара-Суу айыл аймагында айыл тургундарынын жеке менчигиндеги малдарды багуусундагы малдын көчүп-конуусун жөнгө салат.
Эреже Кара-Суу айыл өкмөттүнбашчысы, тиешелүү айыл өкмөттүн адистери, жайыт комитеттин мүчөлөрү жана айыл тургундардын биргелешип так, жыл сайын аткарчуу милдеттүү ишин белгилейт жана ушул эрежени так аткарууну талап коюу менен жыл сайын аткарылчуу жана калыптандыруучу тажрыйбаны камсыздайт.
3. Эреже Кара-Суу айылдык кеңеши тарабынан кабылалынгандан кийин аймакта жашаган баардык жарандар, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчиктин түрүнө карабастан баардык уюм, мекеме, ишканалар тарабынан милдеттүү аткарылууга тийиш.
4.1. Өтүп жаткан жылдын апрель айынан май айына чейин Жайыт комитети мал ээлеринин арыздары жана билдирүүлөрү аркылуу келээрки жылга жайытка чыкчуу малдын санын алдын-ала аныктайт;
4.2. Соңку жылдын февраль айына чейин жайыт комитети мурунку жыл үчүн отчетун дайындап — айылдык кеңештин кароосуна коет.
4.3. 31- мартка чейин соңку жылдын жайыт акысы тууралуу, жайыт пайдалануу боюнча жылдык план менен коомдук угууда тааныштырат.
4.4. Айыл өкмөт башчысы жана жайыт комитети 31- мартка чейин элдик жыйын өткөрүү менен малчы — малды элден алаэлекте малды багуу баасын аныктайт жана жайыт акы кимдер тарабынан төлөнүшү керектигин макулдашат жана жалпы элдик жыйын менен бекитилет.
4.5. Айыл чегинде жайгашкан жайытка мал менен көчүү 1 – майга чейин, жайлоого көчүү 20- июнга чейин, жайлоодон көчүп келүү 1-октябрдан кийин көчүп келүүсү бекитилет. Жайыт планында көрсөтүлгөн чектөөлөргө ылайык көчүү кону жүргүзүлсүн.
4.6. 1-майдан баштап бада уюштурулат, бадага субай мал алып калууга тыюу салынат.
4.7. Малды вакцинациялоо жана купкага салуу мал ээлерине милдеттендирилсин.
4.8. Өтүп жаткан жыл сайын 1-майдан 1-октябрга чейин корук жана мал КАМАК уюштурулсун.
4.9. Малын кароосуз калтырып, дыйкандардын эгин жана чөп аянттарына олуттуу зыян келтирсе, келтирилген зыяндын орду мал ээси же укук бузуучу тарабынан төлөнүп берилеери эскертилсин.
4.10. Кыргыз Республикасынын «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс»ине ылайык белгиленген тартипте кабыл алынган, күчүнө кирген,жайыттарды, чөп чабындыларын башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген режимди бузгандыгы үчүн, айыл тургундары үй тиричилигине керектүү малдан ашык мал алып калгандарга, жайыт эрежелерин бузуп айыл чегиндеги жана алыскы жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бөлүнгөн жайыттарга мөөнөтүнөн мурда мал жайуу, ошондой эле тийиштүү уруксат албастан, табигый жана эгилме жайыттар аркылуу мал айдап өтүүсү, менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү, малды, канаттууларды жана башка жаныбарларды милдеттүү ветеринардык иш-чарларды өткөрүү үчүн көрсөтпөөсү, турмуш тиричилигиндеги кату калдыктарды чектелген жерден башка жерлерге ташттоого тыйуу салу боюнча укук бузгандыгы үчүн жарандарды (укук бузуучуларды) административдик жоопкерчиликке тартуу Кара-Суу айыл аймагынын администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясына тапшырылсын.
4.11. Эреже менен жөнгө салууда кадамдар тууралуу түшүндүрмө тиркелсин.