Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 01-январы № 1
Акман айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
VII–чакырылыштагы Акман айылдык кеңешинин кезексиз I–сессиясынын эсептөө комиссиясынын төрагасы, айылдык кеңештин депутаты Тилекеев Айбек Анарбекович Акман айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча жасаган билдирүүсүн эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 37-беренесин жетекчиликке алуу менен, ошондой эле Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 28-январда бекитилген Регламентинин 3–Главасынын 1-пункутуна таянып Акман айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. VII–чакырылыштагы Акман айылдык кеңешинин кезексиз I сессиясынын эсептөө комиссиясынын, Акман айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча өткөргөн отурумунун N 1- жана N 2 – протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. VII–чакырылыштагы Акман айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайланды деп – Акман айылдык кеңешинин депутаты Сопуев Курбанбек Калдарбекович эсептелсин.
Төрага | С.Шайдилдаев |
Акман айылдык кеңешинин
2017–жылдын 05-январдагы I–сессиясында бекитилди
Акман айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн Эсептөө комиссиясынын
№ 1- ПРОТОКОЛУ
Отурумду өткөрүү жери: Жаңы-Акман айылы, Айыл округунун имараты
Өткөрүү күнү жана убактысы: 05. 01. 2017 - жыл.
Отурумга катышкандар: 1. Тилекеев Айбек
2. Усенов Эркин
3. Өсөркулов Актилек
4. Текебаева Нурила
5. Акматбеков Нурбек
Күн тартиби:
Эсептөө комиссиясынын Төрагасын, төрага орун басарын шайлоо.
Күн тартибиндеги маселе боюнча комиссия мүчөлөрү А. Тилекеев, Э.Усенов жана Н.Текебаеванын ой-пикир, сунуштарын эске алуу менен, Эсептөө комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын төрагасы болуп А. Тилекеев шайлансын.
2. Эсептөө комиссиясынын катчысы болуп Н.Текебаева шайлансын.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Тилекеев А.
Эсептөө комиссиясынын катчысы: Текебаева Н.
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: Усенов Э.
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: Өсөркулов А.
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: Акматбеков Н.
Акман айылдык кеңешинин2017 –жылдын
05-январындагы I–сессиясында бекитилди
Акман айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча түзүлгөн Эсептөө комиссиясынын
№ 2- ПРОТОКОЛУ
Отурумду өткөрүү жери: Жаңы-Акман айылы, Айыл округунун имараты
Өткөрүү күнү жана убактысы: 05. 01. 2017 -жыл.
Отурумга катышкандар: 1. Тилекеев Айбек
2. Усенов Эркин
3. Өсөркулов Актилек
4. Текебаева Нурила
5. Акматбеков Нурбек
Күн тартиби:
1. Акман айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы.
Акман айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча бюллетенге айылдык кеңештин депутаттары-талапкерлер Каимов Рамиз, Исаков Медетбек жана Сопуев Курманбек киргизилгендигин, добуш берүүгө 19 депутат катталгандыгын, шайлоого карата 21 бюллетень даярдалгандыгын, ошондой эле жашыруун добуш берүүнү жыйынтыгы менен, талапкер Р.Каимовко 17 каршы – 2 макул, ал эми талапкер М. Исаковко 14 каршы – 5 макул, ал эми талапкер К.Сопуевке -12 макул –7 каршы добуш берилгендигин, эки жараксыз бюллетен болбогондугун Эсептөө комиссиясынын төрагасы А.Тилекеев билдирди.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу менен Эсептөө комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Акман айылдык кеңешинин төрагалыгына, айылдык кеңештин депутаты Сопуев Курманбек Калдарбекович шайланды деп эсептелсин.
Ушул токтомду бекитүү Акман айылдык кеңешинин VII- чакырылыштагы кезектеги I- сессиясына киргизилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Тилекеев А.
Эсептөө комиссиясынын катчысы: Текебаева Н.
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: Усенов Э.
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: Өсөркулов А.
Эсептөө комиссиясынын мүчөсү: Акматбеков Н