ТоктомКүчүндө

Акман айылдык кеңеши 2017-жылдын 20-январындагы № 3 «Акман айылдык кеңешининтуруктуу комиссиялары жөнүндө» токтому

Редакция20.01.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2017-жылдын 20-январы № 3

Акман айылдык кеңешининтуруктуу комиссиялары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгу” 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 - мыйзамынын 32-беренесин жетекчиликке алуу менен Акман айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акман айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын туруктуу комиссиялары бекитилсин (тиркелет).

2. Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Калыковко тапшырылсын.

 

Төрага

К. Сопуев

 

Акман айылдык кеңешинин

2017-жылдын 20-январь I- сессиясынын

№ 3 токтомуна 1-тиркеме

 

Акман айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын туруктуу комиссияларынын курамы:

1. Социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия;

2. Бюджет, каржы, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия;

3. Мыйзамдуулук, укук тартиби, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссия;

4. Агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссия;

 

Акман айылдык кеңешининкатчысы:                                                                                                                                              З.Кочконбаева