Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-февралы № 9
Акман айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2018-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Акман айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Исаков Медетбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Акман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2018-жылга карата иш планы бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Иш пландын негизинде иш алып баруу Акман айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Исаков Медетбекке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ш.Калыковго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Сопуев |
Макулдашылды» «Бекитемин»
Акман айыл аймагынын Акман айылдык
Айыл Өкмөт башчысы Кеңешинин төрагасы
____________Коконов М.А. ___________ Сопуев К.К. «____» ___________2018-жыл «____» _________2018-жыл
Акман айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2018-жылга карата жайыт пайдалануунун планы
Жалал-Абад облусу
Базар-Коргон району
Акман айыл аймагы
Жаны-Акман айылы
А.Жалалов көчөсү б/н
“Бекитемин”
Акман айыл аймагынын
Айылдык Кеңешнин төрагасы
______________ К. Сопуев
“_____”________2018-ж.
Акман айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жыл үчүн
тузулгон ИШ-ПЛАНЫ
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | Мөөнөтү | Кимдер аткарат |
1 | Жайыт мыйзамына жана бекитилген уставка ылайык ар бир айылдардагы жайыт пайдалануучуларга 2017-жылда аткарган иштери тууралуу отчет беруу | Январь | М.Исаков, ЖК бухгалтери |
2 | Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджетин иштеп чыгуу жана аны айылдык Кеңештин сессиясында бекитүү | Январь | АКтин депутаттары менен |
3 | Акман жайыт комитетинин 2018-жылга карата иш планын долбоорун тузуу жана Айылдык Кенештин сессиясында бекиттуу | Февраль | АКтин депутаттары, ЖК мучолору жана торагасы |
4 | АРИСтин «ПРЖР-2» долбоорунун программасы аркылуу гранттык негизде келуучу акча каражаттарына, жайыт пайдалануучулар тарабынан корсотулгон жайыт койгойлорун аныктоо, Фокус-топтор менен иштоо, айылдарда чогулуштарды откоруу |
Февраль март | ЖК кызматкерлери «АРИС» эксперттери менен бирге. |
5 | Мин.сельхоз менен биргеликте урончулук фондун уюштуруу | Феврал | ЖК торагасы М.Исаков жана А.Сариев |
6 | Айыл округунун кызматкерлери менен биргеликте малдын санын тактоо | Февраль | АО кызматкерлери жана ЖтК мүчөлөрү |
7 | ПРЖР-2 долбоору менен биргеликте курулган “Ветсервис жана ветаптека” жана Спец.техниканын ачылышын откоруу, баланска алуу жана ишке беруу” | Март | АК депутаттары, АО кызматкерлери жана ЖтК мүчөлөрү |
8 | Ар бир айылдарда элдик жыйындарды уюштуруу (жайыт акы, кочуп конуу, корук маселеси жана штрафтарды аныктоо) ЖК курамын кайрадан карап чыгуу | Март-Апрель | ЖК, ТК, ПОЗЖ торагалары |
9 | Жакынкы жайытагы чоп чабык жерлерди тактоо жана жайыт пайдалануучуларга келишимдин негизинде болуштуруу. | Апрель | АО кызматкерлери жана ЖтК мүчөлө |
10 | Эски Таш-Булак, Кайнар, Ат-Кол жайытарын тактап чыгуу жана жайыт пайдалануучулар менен келишим тузуу | Апрель | ЖК торагасы жана АО кызматкерлери |
11 | Жайыт Комитетинин бюджетин которуу максатында кошумча киреше булактарын табуу | Апрель | ЖК торагасы М.Исаков |
12 | Корук маселесин уюштуруу жана бадага уйларды өз убагында чыгаруу | Апрель | АО кызматкерлери, Кочо комитеттери, ЖтК мүчөлөрү |
13 | Алыскы жайыт жолдорундагы копуро, жолдорго маниторинг жургузуу жана бузулгандарын калыбына келтируу. | Май | ЖК торагасы жана мучолору |
14 | Кызыл-Ункур токой чарбасы жана Тогуз-Торо районунун ЖКтинен жайыт алуу жана келишим тузуу. | Апрель-Май | ЖК торагасы |
15 | Жайытты туура жана максаттуу пайдалануу менен байланышкан көйгөйлүү жана маанилүү маселелерди аныктоо, убагында ветеринардык дарылоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу, малчыларды убагында жайлоолорго көчүрүү жана келишим түзүп, жайыт билети менен камсыз кылуу | Май-июнь | Вет врачтар, ЖК торагасы жана ЖтК мүчөлөру |
16 | Жакынкы Армани, Тескей жайытарына мониторинг жургузуу жана демо.учаска уюштуруу | июнь | ЖК мучолору жана торагасы |
17 | ПРЖР-2 долбоору аркылуу 2018-жылы ишке ашуучу КД боюнча тендер откоруу, ар бир айылдарга маалымат таратуу жана козомолдоо (Купка ремонттоо, Кыркым пункт уюштуруу жана Скважина ремонтто) | Май-июнь | ЖК торагасы жана мучолору |
18 | ПРЖР-2 долбоору койгон талап шартарды аткаруу боюнча жергиликтуу тургундарга тушундуруу ишин жургузу (25% элдик салымды чогултуу) | Ай сайын | Айыл башчылар, ЖК торагасы жана мучолору |
19 | Патенсалды жогорулатуу боюнча окуу тренингдерге катышуу (ЖК мучолору, ЧВ, ПОЗЖ жана фермерлер) | Ай сайын | ЖК торага, бухгалтер, жана АРИС |
20 | Жайыттарга малдардын туура жайланышын жана жайыттын туура пайдаланышы боюнча көзөмөл жүргүзүү (жакынкы, алыскы жайытарга) | Июль | ЖтК мүчөлөрү |
21 | Алыскы жайлоолордогу малчыларды кыдыруу жана малчылардын жайгашышы боюнча көзөмөл жүргүзүү | Июль | ЖтК мүчөлөрү |
22 | Жайыт акыларын чогултуу | Жыл бою | ЖтК мүчөлөрү |
23 | Жакынкы жайытарга баруучу ички жолдорду ондоп тузоо | Июль-август | ЖК торагасы М.Исаков |
24 | Алыскы жайлоолордогу малчылардын көчүп келүүсүн көзөмөлгө алуу | Сентябрь | ЖтК мүчөлөрү |
25 | Жылдык планды толтуруу, жайыт акы төлөбөгөндөргө мыйзамдуу чара көрүү | Ноябрь, Декабрь | ЖтК мүчөлөрү |
26 | Айыл округундагы жайыттардын пайдаланышы жана жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтарды, бух. Отчётторду тиешелүү мекемелерге тапшырып туруу | Жыл бою | ЖтК мүчөлөрү |
27 | Жылдык толом, киреше чыгашалар аткарылган иштер боюнча Текшеруу комиссиясы менен биргеликте анализ жургузуу жана финансы документерин тактоо жылдык отчетко даярдык коруу | Декабрь | ЖК, РК торагасы жана бухгалтер |
28 | Ар бир айылдарда элдик жыйындарда отчет беруу | Декабрь | ЖК, РК торагасы |
Акман ЖПБ торагасы:- М. А. Исаков
Эсепчиси:- Н. Шеркулов