Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 3
Бузуулар жөнүндү иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндү иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобону бекитүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндү иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо бекитилсин ( №1 тиркеме тиркелет).
2. Жобого ылайык бузуулар боюнча комиссиянын курамы 11 адамдан бекитилсин ( №2 тиркеме тиркелет).
3. Ушул токтомдун жобосуна ылайык комиссиянын иш алып баруусун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн соц адиси Э.Бактыгуловго тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Төрага | Д. Кайыпов |
Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
8 - шайланышынын 5 - кезексиз сессиясынын
11-декабрь 2018-жылдагы
№1 токтомуна №2 тиркеме
Бузуулар жөнүндү иштерди кароо боюнча
комиссиялары тууралуу типтүү жобону бекитүү жөнүндө
№1 токтомуна ылайык комиссиянын курамы
1. М.Ибраев -аксакалдар сотунун мүчөсү, комиссиянын төрагасы
2. Б.Белеков -айылдык кеңештин депутаты, орун басары
3. Э.Бактыгулов – айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо адиси,катчысы
4. Т.Жакыпов-айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси, мүчөсү
5. Т.Нурманбетов- Жаңы-Күч айылынын айыл башчысы,мүчөсү;
6. К.Оморов-айылдык кеңештин депутаты;
7. А.Орозмамбетов-айылдык кеңештин депутаты;
8. Ж.Мундушов - Дуйшомбу бирикмесинин башчысы;
9. А.Ыдырысов - Жабыке-Күчүк бирикмесинин башчысы;
10. Т.Ташкен уулу -Карасакал бирикмесинин башчысы;
11. А.Жакыпов – Жаңы-Күч айылынын тургуну;
Төрага Д. Кайыпов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө
Караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу
иштери жана этностор аралык мамилелер
боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын
17.10.№01-18 126 буйругу менен бекитилген
Типтүү жобого ылайык Казыбек айылдык кеңешинин
8-чакырылышынын 5- кезексиз –сессиясындагы
2018-жылдын 11-декабрындагы №3 токтомуна №1 тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Казыбек айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү комиссиялар тууралуу
1.Жобо
Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын түзүүнун жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиялдуу орган болуп эсептелет.
Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын конституциясынын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин, башка ченемдик укутук актыларды жана ушул Жобону жетекчилике алат.
Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнхндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык- техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүнүн
токтотуунун тартиби
Комиссия так санда, 5 -11 адамдан, комиссиянын төрагасынын, орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
Жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет.
-жергиликтүү кеңештин депутаттары;
-муниципалдык кызматчылар;
-айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү өкүлдөрү (макулдашуу боюнча) ;
-айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү( макулдашуу боюнча);
10. Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми
комиссиянын катчысы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматчысы болгон
комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
11.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка
толгон атайын орто жана жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын
жараны комиссиянын мүчөсү боло алат.
12.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн
- соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган:
- соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттулугу бар:
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу ( жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган:
- медициналык корутундуга ылайык ден-соолугунун абалы комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар комиссиянын мүчөсү боло албайт.
13. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган кундөн тартып башталат жана комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
14. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
- жарандык коомдун жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп эсептелген комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
-комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
-Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүлү күчүнө киргенде;
-Күчүнө кирген соттун чечими менен комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
- медициналык корутундуга ылайык комиссиянын мүчөсүнүн ден- соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
- Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр баркын кетирүүчү жоосун жасаган учурда;
- Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда,
Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
15. Комиссиянын жаны мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет;
16. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн;
17. Комиссиянын жаңы курамы комиссиянын жаңы мурдагы курамын ыйгарым укуктары токтотулган 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт;
Комиссиянын ишинин тартиби
18. Комиссиянын ыйгарым укуктары кодексте аныкталган;
19. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт;
Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша материалдардын түшүшүнө карата өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
20. Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн 3тон 2си катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот, эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
21. Бузуулар жөнүндө ишти комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, кодексде аныкталган тартипте карайт.
22. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
23.Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
24. Комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгып;
а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат;
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө кодекстин (29-беренеси)
3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө
Б) ишти кароо Комиссиянын компенцасиясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат
25. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4.Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
26. Комиссиянын ишмердүүлүгүн комиссиянын төрагасы уюштурат.
27. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
28. Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссия тарабынан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен танышууга;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
-жүрүм- турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга;
- Төмөндөгүлөргө укуктуу;
-бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
- бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
-Кодексте каралган башка укуктарга.
29.Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
-Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
- Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелр боюнча тапшырмаларды берүүгө;
- ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
30. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары;
- бузуулар жөнхүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
31. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары;
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
-өз ишмердүүлүгүнүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды ошондой э\ле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт.
- бузуулар жөнүндө протоколдорду, комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
- Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөтжана тариздейт, аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго кол коет)
-аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына козомол жүргүзүлөт.
-Комиссиянын иш-кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
-бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчеттуулукту жана статистикалык отчеттулукту жүргүзөт.
-Кодекске жана ушул жобого ылайык башка милдеттерди аткарат;
-Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат;
32. Эгерде комиссиянын мүчөлөрү:- бузуу үчүн жоопкерчилике тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун өкүлүнүн адвокатынын. Ошондой эле күбөсүнүн, эксперттин, котормочунун туугандары болушса;
- иштин чечилишине тике жана кыйыр түрдө кызыктар болушса алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок;
5.Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
33.Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
34. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти комиссиянын катчысы тартат.
35. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучулары бардык зарыл документтерди жөнөтүү комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
36. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандай кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек.
Жиберилген кабарлама тапшырылбай калганы билинген учурда комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул туралуу комиссиянын төрагасына билдирүүгө анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү .
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдарды кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
37. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөнүү формасы мүмкүн болбогондо, комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчилике таптылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (Квитанциясын) берет. Жоопкерчилике тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билидрип, айып пул думурчөгүнүн биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
38. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт.
-бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
-отурумдун процессинде ишке кошулган келип түшкөн ирээтинде жайгаштырылган баардык документтер;
- белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
-ишти кароонун жыйынтыгында чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
39. Комиссия тарабынан каралган баардык иштер эсепке алуунуга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
40. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
41. Комиссия ай сайын комиссия тарабынан салынган айып пулдарын келип түшүшүн казначылыкдын райондук бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
42. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналын жүргүлө алат.
-бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;
-айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-бузууну жасоо үчүн жоопкерчилике тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы:
43. Журналдын барактары номурланган,көктөлгөн,мөөрменен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы баардык жазуулар окуй алгыдай даана,көк же сыя көк түстөгү сыя(паста) менен жазылат.
44. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивке тапшырылат.
45. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга,же жарандарга же кымзат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.