Загрузка документа…
Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры № 2
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн алдындагы административдик укук бузуулар боюнча комиссиясынын жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин 2015-жылдын 18-майындагы № 01-24/75 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы административдик укук бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндөгү типтүү жобонун негизинде түзүлгөн Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн алдындагы админстративдик укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү иштеп чыккан жобону угуп жан талкуулап Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин он төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн алдындагы административдик укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү жобосу (эрежелери менен) тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн админстративдик укук бузуулар боюнча комиссиясынын жобосу Ош областык юстиция башкармалыгынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттин реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүн\н башчысы С.Мурзакуловго жана Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин мыйзамдуулук укук, диний иштер, депутаттык этика, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. М. Мурзаматов |
Т.Зулпуев атындагы айылдык
Кенешинин кезектеги он бешинчи
сессиясынын № 2 токтомуна
тиркеме 20-ноябрь 2018-жыл
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн алдындагы укук бузуулар боюнча комиссия курамы:
1. Абдибаитов.С - комиссиянын төрагасы, айылдык кенештин депутаты,
2. Сатаров.М - комиссиянын катчысы, айыл өкмөтүнүң юристи,
3. Рысбаев.М - комиссиянын мүчөсү, айыл өкмөт башчысынын орун басары,
4. Каратаева.М – комиссиянын мүчөсү, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,
5. Мадрайимов.Б - комиссиянын мүчөсү,айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси,
6. Лутпиев.У - комиссиянын мүчөсү, Кашкалдак айыл башчысы,
7. Айдаров.Н - комиссиянын мүчөсү, айылдык кенештин депутаты,
8. Эшанкулов.Н - комиссиянын мүчөсү, /ч Бай айыл башчысы,
9. Турдубаев.А - комиссиянын мүчөсү, Атамерек айыл башчысы