Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-вагусту № 6
Зикиряев Тɵлɵгɵн Зикиряевичке” Отуз-Адыр айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵ» Мыйзамынын IV главасынын 31-беренесинин негизинде жана Отуз-Адыр айылдык Кеңешинин тɵрагасынын орун басары Адашов Алмазбектин элге билим берүүнүн мыктысы,ардактуу ардагер Зикиряев Тɵлɵгɵн Зикиряевич жɵнүндɵгү баяндамасын угуп жана талкуулап Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Зикиряев Тɵлɵгɵн Зикиряевичке «Отуз-Адыр айылдык аймагынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Зикиряев Тɵлɵгɵн Зикиряевичке № 4 «Отуз-Адыр айылдык аймагынын Ардактуу атуулу» күбɵлүгү берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдап,талап кылган тараптарга тапшыруу айылдык Кеңештин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн. (А.Беделов)
Төрага | Н. А. Калматов |