Загрузка документа…
КР Президентинин 2016-жылдын 9-декабрындагы ПЖ № 292 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2005-жылдын 23-июлу ПЖ № 284
Ишкердик субъектеринин ишине контролдоочу,
укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын
кийлигишүүсүн чектөө боюнча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Мамлекеттик органдардын экономикалык иштин субъекттеринин ишине кийлигишүүсүнө, укук коргоо, контролдоочу органдардын функцияларын кайталанышын жокко чыгаруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасында ишкердикти жүргүзүү үчүн зор тоскоолдуктарды же кыйынчылыктарды түзгөн мыйзам жана башка ченемдик укуктук актыларда, ошондой эле министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларынын актыларында камтылган өзүн актабаган ар кандай каттоо, уруксат берүү, фискалдык, контролдук, көзөмөлдүк жана башка артыкбаш мамлекеттик функцияларды жоюу 2005-2006-жылдарга мамлекеттик органдардын эң маанилүү милдети деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү курамына таламдаш тараптардын өкүлдөрүн кошуу менен ишкердик ишиндеги бардык өзүн актабаган бөгөттөрдү жана артыкбаш мамлекеттик функцияларды жоюуга багытталган мыйзамдарды жана башка сунуштарды даярдоо боюнча атайын комиссияны түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун мамлекеттик комитетинде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинде кызмат адамдарынын, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматкерлеринин жана ишкерлердин экономикалык кылмыштарын табуу, бетин ачуу жана тергөө функцияларынын кайталанышын жоюу максатында ал функцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полицияга топтоо максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү атайын комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча тийиштүү мыйзам жана башка сунуштардын пакетин иштеп чыгууну, ошондой эле ишкердик ишин андан ары жигердештирүү боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгууну камсыз кылсын.
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Ф.Ш.Куловго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусу | К.Бакиев |