Редакцияот 09.12.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2016-жылдын 9-декабры ПЖ № 292

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин системалаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1994-жылдын 9-декабрындагы № 319 "Бишкек шаарындагы чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу зонасы жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 16-февралындагы № 31 "Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишмердигин мамлекеттик жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 22-июлундагы № 240 "Коррупцияга жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 23-июлундагы № 284 "Ишкердик субъекттеринин ишине контролдоочу, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын кийлигишүүсүн чектөө боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 18-июлундагы № 343 "Кыргыз Республикасында спирт жана алкоголь продукциясын чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүнө контролдук кылууну оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 23-июлундагы № 344 "Кыргыз Республикасында уруксат берүү-жөнгө салуу системасын оптималдаштыруу боюнча айрым чаралар жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-октябрындагы № 481 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" Жарлыгынын 4-пункту.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

А. Атамбаев