Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну № 19-2
Айылдык кеңештин “бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 13.06.2019-жылдагы протоколун чечимин бекитүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (алтынчы шайланган) кезексиз XIX сессиясы, айылдык кеңештин, “бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 13.06.2019-жылдагы отурумунун протоколунун чечиминин карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин “бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 13-июнунудагы отурумунун протоколунун чечими бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин, бюджеттик, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Сатвалдиев. |
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын отрумунун
ПРОТОКОЛУ
Жаңы-Турмуш айылы 13-июнe 2019-жыл.
Айылдык кеңештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча» туруктуу комиссиясынын мүчөлөрү катышты.
Күн тартибинде:
1.Айылдык кеңештин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясын келген каттарды (арыз, билдирүүлөрдү) кароо жөнүндө.
Угулду: Туруктуу комиссиянын төрагасы В.Мадусманов арыздар, билдирүүлөр менен тааныштырды. Комиссиянын мүчөлөрү арыздарды билдирүүлөрдү карап чыгып талкуулашып төмөнкүдөй чечимге келишти:
1.Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карта бюджети бекитилип бүткөндүгүнө байланыштуу быйылкы жылга акча каражатын ажыратуу боюнча маселе каралбастыгынан байланыштуу төмөндөгү билдирүүлөр, арыздар 2020-жылдын бюджети каралып жатканда талкууга сунушталсын:
Жаңы-Турмуш айылынын:
-О.Эргашбаев атындагы көчөнүн тургандарынын көчөсүн асфальтого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү кат;
-Д.Садыков көчөнүн тургандарынын көчөнү асфальтого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү арыз;
-Киров атындагы көчөнүн тургандарынын көчөнү асфальтого акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүү;
-№ 98- М.Маматалив атындагы мектептин ремонт иштерине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүү;
-№117- К.Маткаримов атындагы мектептин ашканасын көчүрүп башка жерге куруп берүү боюнча акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү билдирүү.
2.Кызыл-Кыштак айылынын Х.Алимжанов көчөсүнүн тургун Мирзаев Махамадеминге ден-соолугуна байланыштуу Бишкек шаарына операция жасатуу үчүн 10,0 миң сом акчалай жардам көрсөтүлсүн;
3.Кызыл-Кыштак жайыт пайдалануучулар бирикмесине АRIS тарабынан берилген атайын техникаларга айыл өкмөтүнүн салымы катары 182,0 миң сом ажыратылсын;
4. “Кыргыз Баалоочулар Бирикмесинин” (“Обьединения Кыргызских Оценщиков) мүчөсү, жеке ишкер Эргешов Кубанычбек Капарович тарабынан бааланган, Кызыл-Кыштак айыл аймагына караштуу Кара-Кысмак участкасындагы жайытында жайгашкан мал жандыктар суу ичүүчү аянтча (водапой) 31 930 сом баасы менен айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
5. Кызыл-Кыштак айылынындагы А.Бадалов атындагы көчөнүн канализациясынын курулушуна каралган 200,0 миң сом акча каражаты К.Сабиров атындагы көчөнүнүн канализациясынын курулушуна которулсун.
6. Кызыл-Кыштак айылынындагы А.Навои жана Т.Омурзаков атындагы көчөлөрдүн мамычаларын, жарыткычтарын алмаштырууга долборлоо сметасында көрсөтүлгөн акча каражаты ажыратылсын.
7.Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы М.Сабиров, К.Маткаримов атындагы мектептерине, Ы.Ахмадалиева атындагы жана Керме-Тоо балдар бакчаларына таза суу түтүктөрүнү орнотулган суу эсептегичтер көсөткөн эсеп боюнча акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
8.Андижан айылындагы жолчыракты (светофорду) тейлөө үчүн КР ИИМнин МАИ Ош СМЭУ менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2019-жылга 38 958, 75 сом, ал эми 2020-жылдан баштап келишимдин негизинде ай сайын 3960,25 сомдон акча которулуп берилсин.
9.Бул чечимди бекитип берүү айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
10.Бул чечимдин аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
11.Бул чечимдин аткарлышын көзөмөлдөө Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Финансы маселелер боюнча
туруктуу комиссиянын төрагасы В.Мадусманов
Туруктүү комиссиянын мүчөлөрү: Ж. Камилов
Д. Рахманов
А.Умурзаков
Б. Камилов
Э.Якубов
Р. Холматов
С.Абдазимов
Ж.Усманов