Загрузка документа…
ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-апрели № XVIII-6
Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги “Гулистан айыл аймагындагы Бак көчө участкасындагы тургундардын арызынын негизинде 0,88 га жер аянтын мазарга ажыратып берүү жөнүндөгү” № 21-токтомун бекитип берүү тууралуу
Гулистан айыл кеңеши Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги “Гулистан айыл аймагындагы Бак көчө участкасындагы тургундарынын арызынын негизинде 0,88 га жер аянтын мазарга ажыратып берүү жөнүндөгү” № 21-токтомун карап чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 1-апрелиндеги “Гулистан айыл аймагындагы Бак көчө участкасындагы тургундарлын арызынын негизинде 0,88 га жер аянтын мазарга ажыратып берүү жөнүндөгү” № 21-токтому бекитилсин.
2. Мазар үчүн берилип жаткан 0,88 га жер аянтынын багтын өзгөртүп, трансформация кылуу үчүн тийиштүу документтерди даярдоо Гулистан айыл өкмөтүнүн тийиштүу адистерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын озөлдөө айыл кеңешинин укук тартиби жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И. Ташматов |
01. 04. 2019- ж № 21
ТОКТОМ
Гулистан айыл аймагына караштуу Бак –көчө участкасындагы тургундардын арызынын негизинде 0,88га мазарга жер ажыратып берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагына караштуу Бак –көчө участкасындагы 0,88 га мазарга жер ажыратып берүү үчүн тургундардын арызын канаттандыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Бак-көчө участкасындагы тургундардын арызынын негизинде мазар үчүн 0,88 га жер кайра бөлүштүрүү фонд жеринин багытын өзгөртүп, трансформация кылуу үчүн кректүү документтерди даярдоо жана жерди ажыратып берүү жагы Гулистан айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Тажимаматовго милдеттендирилсин.
2. Бул токтомду бекитип берүү жагы Гулистан айыл аймагынын жергиликтүү кенешинин депутаттарынын сессиясына сунуш кылынсын.
3. Көрүстөн кылуу үчүн керектүү архитектуралык документтерди даярдап берүү жагы Ноокат райондук Архитектура бөлүмүнө суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И.Айбашовго милдеттендирилсин.
Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы: Э.Шаназаров