Загрузка документа…
ЖЫЛАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-августу № 9
Билим берүү мекемелеринин 2018-2019-окуу жылында аткарылган иштери жөнүндө
Жылалды айылдык Кенешинин ( VI шайланган) кезектүү XIV - сессиясынын күн тартибиндеги Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин жетекчилери А. Жунусбаев, У. Эшенкулова, Н. Абдыкеримова, С. Жоошбаевдердин 2018-2019-окуу жылында аткарылган иштери боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап Жылалды айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2003-жылдын 30-апрели № 92
Билим берүү жөнүндө 2017-жылдын 22-февралындагы № 32, 2017-жылдын 23-майындагы №84, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 1-бөлүмдүн
16-беренесинин негизинде, Жылалды айыл өкмөтүнө караштуу билим берүү мекемелеринин 2018-2019-окуу жылында мектеп директорлорунун ( А. Жунусбаев, У. Эшенкулова,
Н. Абдыкеримова, С. Жоошбаев) аткарылган иштери боюнча маалыматтары канааттандырарлык деп табылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин социалдык тармактар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Акназаров |